Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда басма сөз жыйында №2 формасы боюнча добуш берүү дарегин өзгөртүү тууралуу 481 950 арыз келип түшкөнүн кабарлады.
Анын айтуусу боюнча, №2 формасы шайлоочуларга жашаган жери боюнча эмес, аларга ыңгайлуу жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал мындай арыздар 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дагы көп болгонун белгиледи.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоо аяктап, ага 3 млн 523 миң 532 шайлоочу киргизилген — бул баштапкы тизмедегиге салыштырмалуу 94 миң адамга көп.
Жетинчи чакырылыштын депутаттыкка талапкерлерин шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия катышууда.
№2 формасы
БШКнын айрым мүчөлөрү менен айрым талапкерлер шайлоо үчүн добуш берүү участогун алмаштырган адамдардын көп болуп атышын «аномалдуу» деп аташты. Боршайкомдун өкүлү Атыр Абдрахматова 11-12-сентябрда Бишкек менен Чүй облусундагы бир нече участкалык шайлоо комиссияларын текшерип, №2 формасы боюнча катталган жарандардын саны аномалдуу болгонун аныктаган.
Атыр Абдрахматованын пикиринде, адамдарды №2 формасы боюнча жапырт каттатуу бул партиялар шайлоочуларды участокторго атайын уюштурулган түрдө ташып келип атканын, анын ичинде аларды өз пайдасына добуш бердиртиш үчүн админресурс колдонуп, жарандарды сатып алып жатканын айгинелейт.
Мындан кийин 12 партиянын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясы менен УКМКга №2 формасы боюнча каттоого байланыштуу маселени кароону талап кылып кайрылышты.
Алар БШКдан форманын катталуусу тууралуу маалыматтарды ар бир күн боюнча жана 26-июлдан 20-сентябрга чейин ар бир участок боюнча кылып жол-жоболоштурууну суранышууда. Алар ошондой эле УКМКдан бул маселеге көңүл бурууну өтүнүшүүдө, анткени «аракеттердин баары шайлоонун адилеттүүлүгүнө, атаандаштыгына, теңдигине жана аныктыгына дал келбейт».
Кайрылууга «Замандаш», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары кошулуп кол коюшкан эмес. Аталган партиялардын акыркы үчөөсү бир далай жолу шайлоочулардын добуш берүү даректерин алмаштыруу жана сатып алууга байланыштуу чууларда аттары чыккан.
«Мекеним Кыргызстан», бул Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Искендер Матраимов аркылуу Матраимовдордун кланы менен байланыштуу партия. Искендер Матраимов өзү да бул партиядан шайлоого талапкер. «Биримдик» бийликке байланыштуу — андан шайлоого президенттин иниси Асылбек Жээнбеков бара жатат.
Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрына парламенттик шайлоо дайындалган. Шайлоочулар 19-сентябрга чецин башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 форма аркылуу добуш берүү участокторун которо алышкан. Ал үчүн шайлоочу жеке өзү участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек болгон.
Мыйзам боюнча эч ким адамдардын паспортун чогултуп, аларды шайлоо участогуна каттата албайт.
Шайлоочулар партиялардын үгүтчүлөрү алардын паспортторун чогултуп, кийин башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 формасы боюнча катталууну суранып атышканын байма-бай айтып келишет. Бул үчүн аларга акча сунушташат — адатта дароо миң сом, шайлоодон кийин дагы миң сом. Бирок айрымдарын жумуштан алуу коркутуулары менен каттоого мажбурлашууда — мындай ыкмалар акыркы президенттик шайлоодо да колдонулган.
БШКдагылар шайлоо дареги адамдын бармак тагы алынып, жүзүнүн параметрлери идентификациядан өткөндөн кийин гана алмаштырылат деп ишендиришүүдө. Бирок жарандык активисттер №2 форма аркылуу каттоого тургузуу добуш сатып алуу үчүн колдонулуп атканын айтышууда. Партиялар аймактардагы шайлоочуларды шаардагы участокторго аймактар, Бишкек жана Ош үчүн коюлган 0,7%дык босогодон өтүш үчүн каттатышууда.
Мындан тышкары, ар бир саясий партиядан депутаттыкка талапкер өз участогунда белгилүү санда добушка ээ болушу керек. Эгер ал жетиштүү добуш ала албаса, партия жетекчилиги аны мандатын тизмедеги көбүрөөк добуш алган талапкердин пайдасына өткөрүп берүүгө мажбур кылат.
ТЕМА БОЮНЧА: №2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда?