Баткенде үйдө той өткөргөн тургундарга айып салынды. Алардын арасында коронавируска чалдыккан киши болгон

Баткен шаарынын бийлик өкүлдөрү коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында калаада рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу 30-сентябрда Республикалык штаб кабарлады.

Рейддин натыйжасында үй шартында өткөрүлүп жаткан эки той аныкталды. Бийлик өкүлдөрү той ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, аларга 3 000 сомдон айып пул салынды. Маалыматка ылайык, тойго келгендердин арасында COVID-19 менен ооруган киши болгон — укук коргоо органдары тийиштүү чараларды көргөнү айтылууда.

Ошондой эле Баткен облусу боюнча 26-28-сентябрь күндөрү 1 036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайлар текшерилген. Алардын ичинде санитардык эрежелерди бузган жарандарга жалпы 193 миң сомдук айып салынды.

Айыпка жыгылган 11 тойдун ээлерине Бузуулар жөнүндө кодексинин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» беренеси менен ар бирине 3000 сомдон айып пул салынган.

Ошондой эле облустагы Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн Жоруктар жөнүндө кодексинин «Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Баткен облусунда коронавирусту жуктурган бейтаптардын саны өсүп жатканына байланыштуу облусттук штаб 28-сентябрда бир катар чектөөлөрдү киргизген.

Облуста беткап режими жана той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле, Баткен облусуна Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен кире алат.

30-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 46 669га жетти — анын 3 011и Баткен облусунда.