Баткен облустук штабы COVID-19га байланыштуу 28-сентябрда киргизген чектөөлөрдү кайрадан карап чыгып, коомдук транспорт, мал базар жана мечиттердин иштөөсүнө уруксат берди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү штаб чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алганда коомдук транспорттун айдоочулары жана жергиликтүү тургундар райондук администрацияларга жана мэрияларга кайрылышкан.

Бийликке кайрылгандар кабыл алынган чектөөлөр алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этээрин айтышып, коомдук транспорттун, мал базарлардын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурашкан.

«Мындан улам облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берди», — деп берилет Республикалык штабдын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, Республикалык штабдан базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөрүн кошумчалашты. Ал эми баш ийбеген тургундарга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Буга чейин Баткен облустук штабы аймакта коронавирус жуктургандардын саны кескин өскөнүнө байланыштуу бир катар чектөөлөрдү киргизген. Учурда облуста беткап режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр гана күчүндө калды. Ошондой эле, Баткен облусуна Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизилет.

Акыркы суткада өлкөдө коронавирустун жаңы 167 учуру катталды — алардын 55и Баткен облусунда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 46 552ге жетип, анын 42 761 айыкты. Коронавирус 1 064 кишинин өмүрүн алды.