«Ата Мекендин» лидери Жанар Акаевди белгисиз кишилер уурдоого аракеттеништи

Жанар Акаев

7-октябрда түшкө маал Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан «Ата Мекен» партиясынын лидерин, депутат Жанар Акаевди белгисиз кишилер уурдап кетүүгө аракеттеништи.

Акаевдин досу «Азаттык» басылмасына билдиргендей, номуру жок жол тандабас унаа менен спорттук дене түзүлүштөгү кишилер келип, Акаевди унаага салууга белсенишкен. Бирок анын тарапташтары жана жансакчысы буга жол берген эмес.

«“Жанарбек бизге сүйлөшүү жүргүзүш үчүн керек” дешти. Учурда Акаев коопсуз жайда», — деп билдирген досу.

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоодон өтпөй калган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышкан. Кийинчерек демонстранттар Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да орун алган. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан.

Ошондой эле, 6-октябрда «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыйынга чогулушкан. Анда спикер катары Мыктыбек Абдылдаев дайындалып, премьерликке Садыр Жапаров жактырылган. Жыйынга катышкандар көпчүлүк депутаттар келгенин, кворум сакталган деп ишендирип жатышат. Бирок протоколдор коомчулукка ачыктала элек.

Акаев «Достук» мейманкасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын жана спикердин шайланышын менен премьер-министрдин жактырылышын легитимсиз деп сыпаттады.

Акаев «эл митингге силерди бийлик бөлүштүрүп, кызмат талашсын деп чыккан эмес» деди. Ошондой эле төрага менен өкмөт башчынын талапкерлигин «Биримдик» партиясы менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп жаткан депутаттар көрсөтүшкөнүн айтты.

«Кожоюндар алмашкан жок, криминал менен өкмөткө отурбай жатып ымалашып жетиштиңер. Жогорку Кеңештин көпчүлүгүн Биз чогултабыз, өкмөттүн курамын таза жаштар толуктасын! Мамлекетте башаламандык болуп жатса булар кызмат соодалашып жүрүшөт!», — деп жазды Акаев фейсбуктагы баракчасында.