Ширин Айтматованын жолдошу колонияга кайтарылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова 12-октябрда твиттеринде 6-октябрда митинг учурунда бошотулган күйөөсү Сыргак Кенжебаев соттун чечими менен колонияга кайтарылганын жазып чыкты.

«Сот күйөөм Сыргак Кенжебаевди түрмөгө кайтаруу чечимин чыгарды. Бүгүн үйүмдө тинтүү болорун эскертишти», — деген ал.

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев саясий айып менен камалган башка адамдар менен бирге 7-октябрда митингчилер тарабынан бошотулган. Мурдараак УКМКнын тергөө абагынан бир катар саясатчылар, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы депутат Садыр Жапаров бошотулган. Акыркысы учурда бир катар депутаттардын тобу тарабынан өкмөт башчысынын милдетин аткаруу кызматына көрсөтүлгөн.

Кенжебаевдин жоголушу

Кенжебаев 19-октябрда Алмата аэропортунда кармалган. Аэропортто ал аялын, балдарын жана кайненесин күтүп жаткан. Ширин Айтматованын апасы менен кызы чет өлкөгө дарыланууга учуп кетиши керек болчу.

Кыргызстандын УКМКсы 20-декабрь күнү гана эртең менен Кенжебаев кармалып, ведомствонун изоляторуна киргизилгенин маалымдаган. Сыргак Кенжебаев алдамчылык тууралуу эки кылмыш ишинде фигурант. Кытайлык бизнесмен Мотайлифу (Муталиф) Маймайтяминг Кенжебаевдин үстүнөн УКМКга арыз жазганын айтып чыккан.

Бизнесмендин адвокаты Жанара Аскар кызынын айтымында, Маймайтяминг «Коопсуз шаар» тендерине катышуу үчүн Кыргызстанга 2018-жылы келген. Аны Кенжебаев менен «Түркиянын Аскар аттуу жараны» тааныштырган.

«Менин арыздануучум [укук коргоо органдарына] декабрдын башында кайрылган — өнөктөшү [Кенжебаев] паспортун кайтарып бербей жатат. Бул окуялардын кийин, Кенжебаев анын паспортун кайтарып бергенден соң, алгач ал андан 350 доллар алып кетип, андан соң дагы 250 миң доллар талап кылган», — деди адвокат.

Адвокат Кенжебаев менен Маймайтямингдин ортосундагы түзүлгөн келишим делген документти далил катары келтирди. Анын айтымында, Кенжебаев анын кардарын ИИМдеги байланыштары менен коркуткан, ошондуктан алар «14 же 15-декабрда» УКМКга кайрылышкан.

«Тааныштарын көрсөтүп, депортация кылат деп коркуткан. [...] Ушундай сыяктуу фактылар токтотулушу керек, ошондуктан биз укук коргоо органдарына кайрылдык», — деп билдирди ал.

Кармоо Айтматованын активдүү антикоррупциялык ишмердигинин шартында болуп, ошондуктан саясий боёкко бурулган.

Ал укук коргоо органдарынын жолдошуна карата кызыгуусу өз иликтөөсүндө бажы бажчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишмердиги башкы объект болуп калгандан кийин пайда болгонун айтууда.

Кенжебаев өзү «Юнилаб» бажы терминалын негиздеген. Бирок, Абдукадырдын кланына байланыштуу адамдардын кысымынан улам ал аны сатууга аргасыз болгон. Аталган клан өз учурунда Матраимовдордун кланы менен кызматташат.

Матраимовдор «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу биргелешкен иликтөөсүнүн фигуранты. Журналисттик иликтөө үстүбүздөгү жылдын ноябрь жана декабрь айларында чыккан. Ал материалдар жарык көргөндөн кийин Матраимов жана анын туугандары иликтөөнү жазган журналисттерди сотко беришкен.

Дагы окуңуз: Матраимовдун бажы империясы