Матраимовдор vs. ЖМК: Сот Матраимовдор тууралуу иликтөөдөгү фактыларды таратууга тыюу салган жок

Бишкектин Свердлов райсотунда 19-декабрь күнү Матраимовдордун «Клооп», «Азаттык» жана 24.kgге каршы койгон 60 млн сомдук дооматы боюнча биринчи сот отуруму болуп өттү.

Доо арыздын берилишине «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин үстүбүздөгү жылдын ноябрь жана декабрь айларында бажыдагы коррупция тууралуу биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөсү себеп болгон.

24.kgнин иликтөөгө эч кандай тиешеси болгон эмес, басылма аны болгону өз сайтында баяндап берген.

Матраимовдор үч басылманы «алардын ар-намысы менен кадыр-баркын жана ишкерлик беделине шек келтирген» жана «чындыкка коошпогон маалыматты» жайылткан деп айыптап чыгышкан. Бул үй-бүлөнүн ичинен иликтөөдө кыргыз бажысынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун, ошондой эле анын жубайы Уулкан Тургунованын ысымы аталган.

Биринчи сот отуруму сүрөт жана видео тартууга тыюу салуудан башталды. Мындай чечим Матраимовдордун адвокаттары өтүнмө бергенден кийин кабыл алынган.

Сот Матраимовдордун кайсы өтүнмөлөрүн четке какты?

Матраимовдордун өкүлдөрү жооптуу болуп аткан ЖМКлардын бардыгы өз иликтөөлөрүндөгү тексттерден 15 үзүндүнү алдырып салгылары келген. Ал үзүндүлөрдө Райымбек Матраимов менен жубайы Уулкан Тургунованын ысымдары аталган.

Судья Жылдыз Ибраимова кеңешме бөлмөсүндө дээрлик бир саатка жакын убакыт өткөрүп чыккандан кийин бул өтүнмөнү четке какты.

Бул шилтеме боюнча Матраимовдор таратууга чектөө салгысы келген үзүндүлөрдүн бардыгы менен кеңири таанышсаңыздар болот.

Ошондой эле Матраимовдор иликтөөнүн авторлорунун ысымдары ачыкталышын талап кылышкан, бирок судья ЖМКлардын жактоочуларынын нааразылыктарын угуп, бул өтүнмөнү да четке какты.

Судья тараптардын ортосундагы талаш-тартышты тынчтык жолу менен өз алдынча чечүүнү сунуштаганда, ЖМКлардын адвокаттары ишеним көрсөтүүчүлөрү, тагыраагы алар кызыкчылыктарды коргогон басылмалар менен кеңешүү керектигин билдиришкен.

Өз кезегинде Матраимовдордун адвокаттары эгер жоопту болуп аткан ЖМКлардын бардыгы иликтөөгө карата төгүндө чыгарышса, анда доо арызды чакыртып алышаарын билдиришти.

Матраимовдордун ЖМКларга карата доосу боюнча кийинки сот отуруму 20 январь күнү өтөт.

Судья видеотрансляция жүргүзүүгө тыюу салган, андыктан биз сот отурумунан түз алып берген аудиотрансляциябызды угуп көрүңүз: