Президент парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кетет — Стамалиева

Жээнбеков президенттикке 2017-жылы шайланган. 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий абал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо дайындалганда кетет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда Жээнбеков менен жолугуп, «кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талап койгон. Бирок президент талапка макул болгон эмес.

«Жээнбеков азыркы кырдаалда мамлекет башчылыгын таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин баса белгиледи», — деди Стамалиева.

Ал өлкө башчысы «өлкө мыйзам талаасына кайтып, туруктуулук орногондон соң гана кетем» деп айтканын кошумчалады.

Президент буга чейин 9-октябрда кызматынан ыктыярдуу түрдө кетүүгө даяр экенин билдирген. Анда айрым депутаттар, саясатчылар жана жарандык активисттер өлкө башчынын бул чечимине каршы болушуп, мындай кырдаалда кетүүгө укугу жок дешкен. Алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева да бар.

Жапаровдун тарапташтары президенттин отставкасын талап кылууну улантууда

Ал эми Жапаров абактан чыгарылган күндөн — 6-октябрдан — тарта анын тарапташтары Жээнбековдун отставкасын талап кылып жатышат. Алар президент кетсе анын милдетин Жапаров аткарарын белгилешүүдө.

Бир күн мурда Жапаровдун эки миңге жакын тарапташтары Бишкектеги эски аянтка чогулуп, «Жээнбеков түшкө чейин кетип калбаса, мамлекеттик резиденцияга бастырып барабыз» дешкен.

Митингчилер түнгө чейин таркабай, качан гана Жапаров келип, «Жээнбеков кетет» деп кайрылуу жасагандан кийин гана тарап кетишкен.

«Сиздердин 5-октябрдан бери Жээнбеков кетсин деген талабыңыздар болчу. Мен ошол талабыңыздарды коюп келе жатам. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы мүнөттөрү калды. Ошону эртең саат 11де улантабыз. 12-1лерде менин оюмча сүйлөшүп бүтөбүз. Силерден суранам, тарап бериңиздер. Ушунча күткөн бир күн күтүп коёлу», — деген Жапаров.

Ошондой эле ал, «эгер Жээнбеков кызматын тапшырбаса, анда мен жоопкерчиликти албайм» деп кошумчалаган. Бүгүн, 15-октябрда, Жапаровдун тарапташтары Бишкек шаарындагы «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына кайрадан чогулушту.

5-октябрда бир нече күнгө созулган мөөнөтсүз митинг башталган. Демонстранттар парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришип, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынып, андагы техника, эмеректер талкаланган. Ошондой эле өрт чыккан.

Бул күнү айрым саясатчылар да тарапташтары тарабынан абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Башкы прокуратура ошол күнү түзөтүү мекемелерин таштап качып кеткендерди кайтып келүүсүн талап кылууда. Бирок Жапаров 6-октябрда Жогорку Сотко кайрылып, жыйынтыгында анын иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Мөөнөтсүз митинг парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган. БШК президенттин сунушу менен жыйынтыкты жокко чыгарган. Боршайком 6-ноябрга чейин жаңы шайлоо мөөнөтүн бекитиши керек.