Жээнбеков жаңы премьер-министр жана өкмөт бекигенден кийин отставкага кетүүгө даяр

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы 9-октябрга караган түнү өлкө башчысынын жаңы кайрылуусун жарыялады. Жээнбеков кайрылуусунда президенттик кызматтан ыктыярдуу түрдө кетүүгө даяр экенин билдирди.

«Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын», — деп айтылат кайрылууда.

Анын айтымында, учурда премьер-министр болуп саналган Кубатбек Бороновду, анын ичинде мурдагыдай бийликтин легитимдүү булактары болуп эсептелген өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирүү керек.

«Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм», — деп билдирет Жээнбеков.

Анын пикиринде, БШК жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнүн күнүн дайындашы керек жана бул «кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат».

«Дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм. Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Мыйзам боюнча, эгер Жээнбеков өз ыктыяры менен отставкага кете турган болсо, анда анын милдеттерин парламенттин спикери аткарат. Учурда депутаттардын бир бөлүгү спикерлик кызматка Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган, анткен менен анын легитимдүүлүгү маселе бойдон калууда. Ошол эле учурда жаңы президенттин кезексиз шайлоосу өлкө башчысынын ыйгарымдары токтогон кундөн тарта үч айдын ичинде өтүшү керек.

Мурдараак президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбеков импичмент маселесин кароого даяр экенин билдирип, мамлекет башчысы мындай кадамга кадрдык дайындоолор жана кырдаал укук талаасына кайткандан кийин гана барат деп кошумчалаган. Жээнбеков өзү бир нече жолу партия жана саясий кыймылдардын лидерлери менен сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирген болчу, бирок, анын айтымында, алардын ичинен бирөө да ага сүйлөшүүлөр үчүн аянтча сунуштай элек.

Президент кай жерде экенин — белгисиз. Анын басма сөз катчысы Жээнбеков мамрезиденциядан 6-октябрь күнү эртең менен кеткенин, бирок Бишкек шаарында эле болуп атканын билдирген.