Төрөбай Зулпукаров экиден ашык жолу депутат болууга чектөө коюуну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңешке экиден көп жолу депутат болуп келүүгө чектөө киргизүүнү сунуштады. Анын ырасташынча, дал ушундай жол менен гана люстрация кылып, саясатка жаштардын келишин камсыздоого болот.

«Шайлоо кодексине макул болсоңуздар “Жогорку Кеңештин депутаты эки жолкудан ашык депутат боло албайт” деген норманы дагы киргизип койсок болот эле. Ошондо гана таза шайлоо болуп жаштарга жол ачылат», — деди Зулпукаров.

Люстрация маселеси Кыргызстанда маал-маалы менен көтөрүлүп келген. Парламенттик шайлоо алдында «Реформа» партиясы өз программасында люстрация жолу менен бийликти тазалоону сунуштаган. Партиядагылар Люстрация тууралуу мыйзам кабыл алып, бийикке коррупциялык-кланндык системаны түзүүгө, саясий оппоненттерин куугунтуктоого, кылмыш иштерин мыйзамсыз козгоого, акыйкатсыз чечим чыгарууга байланы бар адамдарга бийликке келүүгө чектөө киргизгилери келген.

Кыргызстандагы толкундоолор

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары 5-октябрда Ала-Тоо аянтына чогулуп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана президенттин кызматтан кетишин талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан. Кийин Боршайком шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Өлкөдө түзүлгөн саясий жана коомдук кырдаалдан улам Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан чыгарышкан. Ошондой эле аны премьер-министр деп жарыялашкан болчу. Кийин Жогорку Кеңеш үч жолу кезекси жыйынга чогулуп жатып, акырында Жапаровду мыйзамдуу түрдө өкмөт башчылыкка жактырышкан.

Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө саясий-коомдук кырдаал турукташып, өкмөт башчы жана анын курамы легитимдешкенден кийин кызматтан кетерин билдирген. Жээнбеков сөзүнө туруп 15-октябрда отставкага кеткенин билдирген. 16-октябарда ал Жогорку Кеңештин «Ала-Арчадагы» кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү. Мыйзам боюнча парламент президенттин отставкага кетүү тууралуу билдирүүсүн угуп токтом чыгарат.

Мамлекет башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт. Бирок спикер Канат Исаев андан баш тарткандыктан президенттин укуктары жаңы шайлоолор өткөнгө чейин премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү. Мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткарган киши президенттик шайлоого катышат албайт.