Садыр Жапаров: Мыйзам жол берсе, президенттик шайлоого барам

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Россия 24» каналына эксклюзивдүү маек курду. Анда ал эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик жана парламенттик шайлоого да катыша турганын айтты.

«Учурда парламентте тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатат. Эгерде анын жыйынтыгында мыйзамдар өзгөртүлсө, президенттик шайлоого катышам. Бирок, азыр бул тууралуу айтуу эрте. Бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек», — деди Жапаров.

Учурда Конституция боюнча, президенттин милдетин аткарып жаткан адам кезексиз президенттик шайлоого талапкерлигин коё албайт. Бирок, Конституциянын автору жана «атасы» деп аталган Өмүрбек Текебаев бул үчүн Жапаровго ээлеген кызматтарынан баш тартуусу гана жетиштүү деп айткан.

«Эгерде Жапаров президенттик шайлоого барууну чечсе, барса болот. Бирок талапкер катары катталууга чейин, президенттин милдетин аткаруу кайрадан Жогорку Кеңештин спикерине өтүшү керек. Ал эми шайлоо мезгилинде Жапаров премьерлик милдетин токтотуусу шарт», — деп билдирген Текебаев АКИpress агенттигине.

БШК депутаттар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин кайра өтө турган парламенттик шайлоонун күнүн белгилерин убадалаган. Шайлоо 20-декабрда өтөт деп пландалууда. Ал эми кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 15-январына чейин өтүшү керек.

Жапаровдун үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев өткөн парламенттик шайлоого өзүнүн «Мекенчил» партиясы менен катышып, үгүт көрнөктөрүндө ал убакта камакта отурган Жапаровдун сүрөтү да тартылган.

Колго салып саноонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча, «Мекенчил» партиясы 7,37% добуш алып, парламентке өткөн. Бирок акырына чейин санала элек, автоматтык урнанын жыйынтыгында Ташиевдин партиясы болгону 6,96% добуш алган. БШК өлкөдөгү саясий абалдан улам шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Жапаров 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга аракет кылган жана шайлоодо Сооронбай Жээнбековго атаандаш боло алмак. Ал учурда, Жапаров, 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталгандыктан чет өлкөдө жашап аткан.

Жапаров Кыргызстанга келери менен кармалып, кийин Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Каптагаев 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турганда Жапаров тарапташтары менен митинг уюштуруп, жыйынтыгында администрация басылып алынган. Бирок сотто Каптагаев Жапаровдун тарабын колдоп, анын күнөөсү далилденген эмес деп эсептеген. Жапаров 11,5 жылга соттолгон, кийин анын жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга чейин кыскарган.

Жапаровдун тарапташтары аны УКМКнын ТИЗОсунан 2020-жылдын 6-октябрынын таңында, Ак үй алынгандан кийин, камактагы башка саясатчылар менен кошо бошотуп чыгышкан. Жапаров дароо эле премьерлик орунду мээлей баштаган — муну тарапташтары дагы талап кылып, айрым депутаттар аларга карата коркутуулар болгонун айтып чыгышкан. Садыр Жапаров премьерликке бекитилген күнү, Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлүп, кайрадан абакка кайтарылган.

Жапаров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек болчу, бирок премьер-министрдин тарапташтары анын да отставкасын талап кылышып, өлкө башчысынын милдетин Садыр Жапаров аткарышын каалашкан. Жыйынтыгында Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ыйгарым укуктары автоматттык түрдө Садыр Жапаровго өткөн.