Интернет колдонуучулар: Райымбек Матраимовдун кармалышы «шоу»

Райымбек Матраимов УКМКнын имаратына алып келинүүдө.

Социалдык тармактардын колдонуучулары бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышын «элдин демин басуу аргасы» катары сыпатташууда.

20-октябрда Райымбек Матраимовду УКМКнын кызматкерлери Бишкектен кармашкан болчу. Кийин кармоо учурунда тартылган сүрөттөр дагы жарыяланды. Анда Матраимов май куюучу жайдан кармалганын жана атайын кызматтын өкүлдөрү деген кишилердин беттери жабылганын көрүүгө болот.

Журналист Али Токтокунов фейсбук барагына беттери жабылгандардын бири УКМКнын Коррупциялык иштерге каршы күрөшүү кызматынын башкармалык башчысы Салмоорбек Жумабеков экенин жазды. Андыктан бул «кармоонун» өзү эле шоу экенин белгилеген.

«Салмоор — белгилүү ортопед, Матраимовдор менен үй-бүлөлүк катышы бар Сабыр Жумабековдун уулу. Ушул көрүнүштүн өзү эле шоу, элдин демин басуу аргасы катары кабыл алынып жатканы бекеринен эмес», — деп жазды ал.

Ал эми Ырыс Жекшеналиев аттуу колдонуучу Матраимовдун колуна кишен салып жаткан киши Салмоорбек Жумабеков экенин болжолдоп, салыштыруу максатында анын башка сүрөттөрүн фейсбук барагына жарыялады. Андан сырткары Матраимовду кармоо учурунда тартылган сүрөттө анын өкүл баласы Азамат Осмонов дагы бар экенин белгилейт.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев болсо Райымбек Матраимов кармалган май куюучу жайдын видеосун чыгарып, ал УКМК имаратынын артында эле жайгашканын көрсөттү.

Сюжет с места задержания Райыма Матраимова

Posted by Замир Жоошев on Tuesday, October 20, 2020

Салмоорбек Жумабеков ким?

Салмоорбек Жумабеков 1985-жылы туулган, ортопед-хирург Сабырбек Жумабековдун баласы. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын академиясын 2007-жылы бүтүргөн. ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, ал УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагы башкармалыктардын бирин жетектейт.

Өз кезегинде Сабыр Жумабеков Райымбек Матраимовдордун үй-бүлөсүн 10-15 жылдан бери жакшы тааный турганын жана аларга айтылып жаткан сындар менен макул эместигин билдирип чыккан.

Ал Райымбек Матраимовдун апасына жана балдарына операция жасап, ошондон бери карым-катнашта экенин айткан. Сабырбек Жумабеков ошондой эле, Райымбек Матраимов колунда жок, операцияга акчасы жетпеген бейтаптарга дары-дармегин, операцияга кеткен акчасын, керек болсо зарыл импланттарды сатып берип жүргөнүнө токтолгон.

Тергөө жана реакция

Райымбек Матраимовдун аты бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөө чыккандан кийин элге кеңири тараган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон. Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалдын үстүндө иштеген бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.