Садыр Жапаров: Матраимовду камагандан эмне пайда?

Премьер-министр Садыр Жапаров

Премьер-министр жана президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Садыр Жапаров «Би-Би-Си» басылмасына 21-октябрда маек курду. Анда ал Райымбек Матраимовду үй камагына чыгаруу чечими тууралуу айтты. Ошондой эле, Жапаров Матраимов камалса, анда ал «уурдады» делген акча каражаттары мамлекетке кайтарылбай кала турганын белгиледи.

Жапаровдун айтымында, Матраимовду камабоо боюнча чечимди ал өзү кабыл алган. Анткени Матраимов аты-жөнүн өзгөртүп, паспорт алмаштырып Дубайга кетүүгө даярданып жаткан.

«Эгерде ал Дубайга чыгып кеткен болсо, биз анда жылдап издеп жатмакпыз. Дубай менен качып кеткендерди өткөрүп берүү боюнча келишим жок болгондуктан, аны өткөрүп алалбай калмакпыз. Учурда беш жылдап, он жылдап качып жүргөндөр бар. Мурдагы бийлик бирөөнү кармап келип, бир тыйын төктүрө алдыбы? Жок! Биз радикалдуу кадамдарга барбай, жети өлчөп бир кесип, мамлекетке жана элдин кызыкчылыгына пайда алып келген жол менен кетели. Аягында барып тергөө иштери жүрөт, анан сотко барат, сот чечим чыгарат», — деген өкмөт башчы.

Ошондой эле, Жапаров УКМКнын кызматкерлери Матраимовду кармагандан кийин ага «камайбыз» деп кабарлашканын кошумчалаган.

«Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун Атамбаевди [Алмазбек Атамбаев — ред.] камадыңар. Ал Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар. Бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Кулматовду [Кубанычбек Кулматов — ред.] кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Албек Ибраимов, Сапар Исаков...», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Жапаров Матраимовду коомчулуктун талабы менен камоого боло тургандыгын билдирген, бирок андай жол менен барганда бюджетке каражат түшпөй калмак деди. Эгер каражаттарды мамлекетке кайтаруу шартына Матраимов көнбөсө, анда камалмак деп белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттин бюджетиндеги жетишпестик жылдын соңуна чейин 30 млрддан ашык сумманы түзөт.

«Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет. Бирок бир тыйын келбейт. Анткени, ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинасин, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да», — деп түшүндүргөн Жапаров.

«Коррупционерлерди кармабайбыз, уурдаганын кустуртабыз»

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев да Жапаров менен пикирлеш экендигин билдирген. Ал коррупционер дегендердин бардыгын кармап олтурбастан уурдаган акчаларын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коюу ал жетектеген мекеменин башкы максаты экенин белгилеген.

Мындан сырткары, УКМКнын жетекчиси болуп барганына үч күн эле болгонуна карабай бул убакыт аралыгында уурдалып кеткен каражаттардан 2 млрд сомдон ашыгын өндүргөнүн айткан.

Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчилигине дайындалгандан кийин берген алгачкы маалымат жыйында, ЖМКлардын иликтөөлөрүндө Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу айтылган фактыларды изилдеп чыгабыз деп сөз берген. Ошондой эле, Райымбек Матраимовду кармоо боюнча буйрук берип, эгер анын күнөөсү болсо жоопко тартылат деп ишендирген.

Райымбек Матраимовдун кармалышы

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан 20-октябрда кармалган. Интернетке тараган сүрөттөрдөн атайын кызматтын өкүлү Бишкектин май куюучу бекеттеринин биринин алдында Матраимовдун колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары Матраимовдун кармалышын «элдин демин басуу аргасы» катары сыпатташкан. Ошондой эле, интернеттеги сүрөттөрдөн атайын кызматтын өкүлдөрү деген кишилердин беттери жабылганын көрүүгө болот.

Журналист Али Токтокунов фейсбук барагына беттери жабылгандардын бири УКМКнын Коррупциялык иштерге каршы күрөшүү кызматынын башкармалык башчысы Салмоорбек Жумабеков экенин жазган. Андыктан бул «кармоонун» өзү эле шоу экенин белгилеген.

УКМКнын басма сөз кызматтын маалыматына караганда, 2016-жылдан тартып Матраимов жана башка кызмат адамдары, Бажы түзүмүндөгү ири коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анда «бажы тейлөөсү аркылуу көмүскө киреше булагынан» ири өлчөмдөгү каражатка ээ болуп турушкан. Бул коррупциялык схема мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, бирок УКМКдан келтирилген зыяндын так суммасын айтыша элек.

Учурда УКМК мамлекетке канча зыян тийгизилгени жана Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар башкаларды аныктоо үчүн тергөө жүргүзүп жатат.

20-октябрда эле Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Матраимов «тергөө менен кызматташканы үчүн» чет жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы белгилеген 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. Ведомствонун басма сөз кызматы Матраимов УКМКнын эсебине бул сумманын 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млндон ашуун доллар тууралуу иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

2019-жылдын май айында, «Азаттык» 700 млн доллардын Кыргызстандан чыгарылып кетиши тууралуу жана буга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүндүгү жөнүндө иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылышына тиешеси бар экенин төгүндөп, ал эми финпол журналисттердин жүйөөлөрүн текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.