Камчыбек Ташиев: Коррупционерлерди кармабайбыз, уурдаганын кустуртабыз

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев коррупционер дегендердин бардыгын кармап олтурбастан уурдаган акчаларын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коюу ал жетектеген мекеменин башкы максаты экенин белгиледи.

Ал ошондой эле, УКМКнын жетекчиси болуп барганына үч күн эле болгонун жана бул убакыт аралыгында уурдалып кеткен каражаттардан 2 млрд сомдон ашыгын өндүргөнүн билдирди.

«Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана, буюруса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз», — деп жазды Ташиев.

УКМК башчысы ошондой эле, коррупционерлерден уурдаганын өндүрүүдө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бир сом дагы пара албай турганын айтып, бул маселе «жеке көзөмөлүмдө» деп ишендирди.

Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчилигине дайындалгандан кийин берген алгачкы маалымат жыйында, ЖМКлардын иликтөөлөрүндө Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу айтылган фактыларды изилдеп чыгабыз деп сөз берген. Ошондой эле, Райымбек Матраимовду кармоо боюнча буйрук берип, эгер анын күнөөсү болсо жоопко тартылат деп ишендирген.

20-октябрда атайын кызматтын өкүлдөрү Райымбек Матраимовду УКМК имаратынын артындагы май куюучу жайдан кармашкан. Ал түн жарымга чейин УКМКнын имаратында «сурак берип», Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен «тергөө менен кызматташканы үчүн» чет жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы белгилеген 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. Ведомствонун басма сөз кызматы Матраимов УКМКнын эсебине бул сумманын 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Анткен менен социалдык тармактын колдонуучулары Райымбек Матраимовдун кармалышын «шоу» катары сыпатташкан. Себеби, аны «кармоо» операциясына Райымбек Матраимовдун жакын санаалашы, ортопед-хирург Сабыр Жумабековдун баласы Салмоорбек Жумабеков [УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыктарынын биринин башчысы] жана башкалар катышкан.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бажыдагы коррупцияга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон жана Матраимовдун чөйрөсүнө кирген 40 адамды аныктаганын кабарлаган.

Ага чейин премьер-министр, президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кандай гана саясий фигура болбосун, эгер коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартылат деп ишендирген. Ал ошондой эле, бажыда коррупциялык схемаларды түзгөн Райымбек Матраимов баштаган аткаминерлер жазасыз калбай деп айткан.

«Барынан мурда 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө шектелген [Райым] Матраимов жана башка схемалуу коррупцяларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактагы коррупционерлерди катаал жазалар менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз», — деген Жапаров.

Тергөө жана реакция

Райымбек Матраимовдун аты бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөө чыккандан кийин элге кеңири тараган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон. Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалды даярдаган бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.