«Тууганчылыгыңды токтот». Белгисиз киши Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады

Видеокайрылуу жасаган белгисиз киши

19-октябрда белгисиз киши УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Анда ал Жалал-Абад облусунун башчылыгына Ташиевдин өкүл уулу Абсаттар Сыргабаев дайындалганын айтып, нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, эл тууганчылык, жердешчилик, куда-сөөк деген түшүнүктөрдөн арылмайынча «бир кадам да өнүгүү» болбойт. Ошондой эле кайрылуу жасаган киши Сыргабаевди кызматтан алынууну талап кылды.

«Ташиев, революция сен үчүн болдубу эмне? Тууганчылдыгыңды токтот, болду! Тимеле менин энемдин эгизи болсоң да, губернатор болгон өкүл балаңды кетир, башкалар адам эмеспи?»— деп суроо салган ал.

Ошондой эле, ал мурунку облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедовду кызматтан алууга негиз болгон эмес деген пикирде.

«Мурунку губернатор жакшы иштеди эле, эки айга чыдап коюп турса болот эле. Эгер ал “уурдаган” болсо, “коррупционер” болсо анда шек жаралса болмок. “Сен Атамбаев менен жүргөнсүң”, же “Жээнбековдун адамысың”, же “мыйзамсыз мүлк топтогонсуң”, же “контрабанда менен байыгансың” деп бир себеп же шылтоо тапса болот эле да. Андай эч нерсе жок», — деген ал.

Мындан тышкары, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары да Ташиевдин өкүл баласы кызматка дайындалышына нааразычылыгын билдиришкен.

Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абаддын башчысы болуп 19-октябрда дайындалган. Буга чейин ал Сузак районундагы Барпы айылынын башчысы болгон.

Сыргабаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышып, алдыңкы беш талапкердин катарына кирген. Аталган партия менен премьер-министр жана президенттин аткаруучусу Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров да шайлоого катышкан.

«Мекенчил» партиясынын лидери, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынан болот. Такталбаган маалыматтар боюнча Сыргабаев Ташиевдин өкүл баласы.

Жалал-Абад облусун Нурболот Мирзахмедов сегиз айдан бери башкарып келген. Ага чейин Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Ошондой эле Эсеп палатасында аудитор катары иштеген.

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп 16-октябрда дайындалган. Ал учурдагы примьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен дос. Ошондой эле, алар «Мекенчил» партиясынын тең негиздөөчүлөрү. Бул партия шайлоого алгачкы жолу 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо катышкан. Мындан тышкары, алар 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында бирге келишкен.