Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров өзүнүн үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагалыгына дайындады. Ал бул тууралуу жарлыкка Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын алган күнү кол койду.
УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаевди 9-октябрда, ошондо президент болуп турган Жээнбеков отставкага кетирген.
Ташиев менен Жапаров мурдатан бери дос экени белгилүү, ошондой эле алар «Мекенчил» партиясынын тең негиздөөчүлөрү. Бул партия шайлоого алгачкы жолу 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо катышкан. Мындан тышкары, алар 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында бирге келишкен.
Ташиев эмнеси менен белгилүү?
Камчыбек Ташиев эки ирет парламенттин депутаты болгон: 2005-жылдан 2007-жылга чейин, андан кийин 2010-жылдан 2013-жылга чейин.
Ташиевге байланыштуу алгачкы чоң чуулгандуу окуя 2009-жылдын жай айларында, ал өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда орун алган. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузууга айыпталган.
Ошондо Ташиев ӨКМге арналган күйүүчү-майлоочу материалдарды өзүнүн май куюучу бекеттери аркылуу алардын наркын жогорулатуу менен өткөрүп турган деп айыпталган. Эсеп палатасы 1,8 млн сом жоголуп кеткенин аныктаган.
Мындан тышкары, атайын жабдууларды сатып алууда 1,1 млн сом жоголуп кеткен. Ошондо Жакырчылыкты жоюу боюнча фондунун эсебинен ӨКМге 73 өрт өчүрүүчү машина сатып алууга 248 млн сом бөлүнүп берилгени аныкталган. Бирок, автоунаалардын өндүрүштүк кемчиликтери бар экени белгилүү болгон — аларды колдонуу мүмкүн эмес болуп чыккан.
Бирок Ташиев ӨКМдин башчылык кызматынан 2009-жылдын декабрында гана алынган. Премьер-министр Данияр Үсөнов аны «ӨКМдин кол тийбес акча резервин колдонгондугу» үчүн сынга алган. Ал акча ведомствонун кызматчыларына турак-жай салып берүүгө жумшалган. Ташиев болсо күнөөсү жоктугун жана мыйзамдуу жол менен Үсөновду отставкага кетирерин айткан.
2010-жылдагы революциядан кийин Ташиев шайлоого «Ата-Журт» партиясы менен барган. Ал партия баарынан көп добуш топтоп, шайлоо жеңишке жеткен. Ошондо «Ата-Журт» кийин Атамбаевдин убагында бийликчил партия болуп калган КСДП партиясынан ашып өткөн.
Ташиевдин саясий карьерасындагы эң эле жаркын учурларынын бири 2012-жылы болгон. Анда саясатчы Ак үйдүн дубалынан ашып түшүүгө аракет кылган.
Бул окуя Кумтөр кенин улуташтырууну талап кылгандардын митинги учурунда болгон. Милицинерлер менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталып, кийинчирээк укук коргоо органдары Ташиев менен кошо анын парламенттеги кесиптештери — Талант Мамытовду жана Садыр Жапаровду кармаган.
«Ата-Журт» партиясынын мүчөлөрүнүн сот процесстери бир жылдан ашуун убакытка созулган. Жыйынтыгында алар бир жарым жылга эркинен ажыратылган, бирок көп өтпөй саясатчылар ТИЗОдо сегиз ай отурганы үчүн бошотулушкан — ал жерде өткөрүлөн бир күн эки күнгө барабар.
Мындан тышкары, Ташиевди бир нече жолу улутчулдук риторикага айыпташкан. Ал 2010-жылдын сентябрында «Фергана» басылмасына курган маегинде, орустар, өзбектер жана түрктөрдө кыргыздар менен теңдешүү укугу жок, анткени бул республиканын бүтүндүгүнө күмөн жаратат деп билдирген.
«Негизги улут негизги болушу керек, ал бул өлкөдө жашаган башка улуттардан төмөн тура албайт. Алар салтыбызды, тилибизди жана тарыхыбызды сыйлашсын, ошондо гана адамдар тынчтыкта жашашат. Бирок, эгер өлкөбүздөгү улуттардын бири, өзбектер, орустар, түрктөр же кытайлар кыргыздар менен тең же андан өйдө турабыз десе, анда мамлекет кыйрап кетет», — деп айткан Камчыбек Ташиев.
Мындай билдирүү өтө курч кабыл алынган, анткени 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө этникалар арасында чоң жаңжал орун алган болчу. 2012-жылы берген интервьюсунда Ташиев «таза кандуу кыргыз» премьер-министр болушу керек деп айткан. Ошондо өкмөт башчысынын кызматына апасы башка улуттан болгон Өмүрбек Бабанов талапкерлигин койгон эле.
Анткен менен, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Ташиев менен Бабанов биригип, партиясын «Республика — Ата-Журт» деп аташкан. Шайлоодо аталган партия экинчи орунду алып, парламентте 28 орун алган. Бирок, Ташиев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлүн сабагандыгы үчүн шайлоо алдындагы ат салышуудан четтетилген эле.
Баса, Ташиев 2019-жылдын ноябрында, Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн айланасында бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын дайыма атап жатканы үчүн ЖМКларды сындаган. Ал Матраимовду «каралоону токтотууга» жана бүт өлкөгө «монстр» кылып көрсөтүүнү токтотууга чакырган.
«Райым Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес, эң көп болсо Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт», — деп айткан Ташиев «Азаттык» радиосунун «Эки-бир» берүүсүндө.