«Клооп» Юстиция министрлиги менен соттошууда. Мекеме маалымат алууга чектөө коюп жатат

«Клооп» басылмасы Юстиция министрлигинин үстүнөн Бишкектин Административдик сотуна арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу сот отуруму 20-октябрда болуп өткөн.

Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктары 2020-жылдын башынан тартып юридикалык тараптардын каттоо документтеринин көчүрмөлөрүн (уставдар, компаниялардын түзүлгөндүгү/кайрадан катталгандыгы тууралуу чечимдер) берүүнү токтоткондуктан сотко кайрылууну чечкен. «Маалыматка жетүү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, юстиция органдары мындай маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Юстиция министрлигинин башкармалыктары баш тартууларын мекеме ээлеринин жеке маалыматтарын коргоо максатында деп түшүндүрүшкөн.

«Клооптун» журналисттери мындай маалыматтык чектөөлөргө макул эмес. Алар бул чектөөлөрдү мыйзамсыз жана ал айрым адамдарды гана коргоого багытталган деп эсептешет.

Сот отурумунда «Клооптун» жактоочусу Фатима Якупбаева басылма көп жылдар бою юстиция министрлигинен сураган маалыматтардын бардыгын алып жүргөнүн билдирди — компаниялар, каттоо жана кайрадан катталуу тууралуу маалыматтар, уставдык документтер ж.б.

Бирок 2020-жылдын башынан бери Юстиция министрлигинин аймактык органдары министрликтин кайсыл бир буйругуна таянып, сураган маалыматтарды берүүдөн баш тарта баштаган. Буйруктун маани-маңызы мындай: компаниялар тууралуу архивдик документтерде жеке маалыматтар камтылган, демек, бардык архивдик документтерди үчүнчү тараптарга берүүгө тыйуу салынат делет.

«Устав, катталуу жөнүндөгү чечим же компанияны кайрадан каттоо тууралуу маалыматтарды берүү мыйзамдуу жана негиздүү, анткени ал документтерде жеке персоналдык маалыматтар жазылбайт. Маалыматка ээ болуу тууралуу мыйзамга өзгөртүлгөн жок, демек, мекеменин ички буйругу же кандайдыр бир тапшырмадан улам маалымат берүүдөн баш тартып жатышат», — дейт Фатима Якупбаева.

Якупбаева «Клооптун» журналисттерин жеке маалыматтар кызыктырбасын, ошондуктан алар Юстиция министрлигине эгер жеке маалыматтар болсо, анда аларды иргеп, калган документтердин көчүрмөсүн берүүсүн өтүнүшкөнүн баса белгиледи. Бирок мекеме баары бир деле архивдик документтерди берүүдөн баш тарткан.

«Биз министрликтеги административдик жыйындарда жеке маалыматтар жазылбаган документтерди бергиле деп сунуштаганбыз. Эгер ошончолук эле кызыкчылыктарын коргогусу келсе, анда паспорт маалыматтарын кошпой эле устав жана башка документтерди беришсин да. Уставда эч кандай жеке маалымат жоктугуна карабай министрлик маалымат берүүдөн таптакыр баш тартып жатат. Коомчулук юридикалык тараптар тууралуу маалыматка кызыгат, андыктан биз сураган документтерге тыйуу салынбашы керек», — деди Фатима Якупбаева.

Ошондой эле Якупбаева министрлик маалымат алуу өтүнүчтөрүнө тандалма мамиле кылат деп белгиледи.

«Силерге дал ушул “Клооптукундай” эле өтүнүчтөр менен күн сайын кайрылышат. Бир гана компания түзүүчүлөр же юридикалык тараптын мүчөлөрү эмес, башкалары дагы. Силер аларга бул маалыматтарды бересиңер. Басылма иликтөөлөрдү көп чыгаргандыктан, айрым учурда кайсыл бир адамдарга жакпаган материалдарды жарыялагандыктан, бизге маалымат алууга чектөө коюп, башкаларга берип жатсаңар керек. Кийинки отурумда, айрым юридикалык жана жеке жактарга маалыматтарды берип, ал эми “Клоопко” берүүдөн баш тартканыңарды далилдейбиз», — деди ал.

Юстиция министрлигинин өкүлү Замирбек кызы Жанара, алгач мекеме «Клоопко» мурда архивдик жана каттоочу документтерди эч качан бербегенин айтты. Бирок Фатима Якупбаева бул сөздү төгүндөп, басылма маалыматтарды алып жүргөнүн далилдеп бере алаарын айтты.

Кийин министрликтин өкүлү юридикалык тараптар жөнүндөгү архивдик документтердин көчүрмөлөрү үчүнчү тараптарга жеке маалыматтар жазылбаган учурда гана, мисалы, түзүүчү юридикалык тарап болгондо гана берилип келген деп билдирди.

Бирок, «Клооп» юридикалык тарап түзгөн компаниялар тууралуу маалымат сураган. Анда деле юстиция министрлиги маалымат берүүдөн баш тарткан.

Юстиция министрлиги соттук териштирүүдө «Клооп» өтүнүч кылган документтердин көчүрмөсүндө жеке маалыматтар — паспорт, жашаган жеринин дареги, ИНН/сыр сөздөр бар деген пикирди карманып келген. Ушул себептен мекеме маалымат берүүдөн баш тартат, дал ушул себептен тийиштүү буйрук чыгарган.

«Компанияга ээлик кылгандардын уставдык капиталы жөнүндөгү маалымат — бул адамдын каржылык абалын аныктай турган жеке маалымат деп эсептейбиз», — деп билдирди мекеменин өкүлү.

Замирбек кызы Жанара мекеме юридикалык тараптын макулдугу менен гана компаниялар тууралуу архивдик документтерди бере аларын белгиледи.

Анын айтымында, маалымат алуу тууралуу мыйзамда архивдик документтерден жеке маалыматтарды кантип алып таштап берсе болоору тууралуу жазылган эмес.

Судья сот отурумун кийинкиге калтырды. Кезектеги отурум 22-октябрда өтөт.

Редакциянын позициясы

Биз өлкөдө мыйзам аткарылышы үчүн бардык административдик процедураларды өтүүнү чечтик. Биз кандай гана болбосун сот адилеттүүлүгүнө ишенебиз жана сот айрым адамдардын кызыкчылыгын эмес, мыйзамдын аткарылышын эске алат деп үмүттөнөбүз.

Аткаминерлер бизнеске ээлик кылаарын тастыктаган ишинимдүү маалымат алуу Кыргызстанда укуктун үстөмдүгү үчүн чоң мааниге ээ. Мындай маалыматтарды эл арасында ачык айтып, чиновниктер менен саясатчылардын мыйзам бузууларын чектесек болот деген пикирдебиз.

Биз окурмандарыбызга кызыктуу, өлкөдөгү саясий жана укуктук өзгөрүүлөргө багытталган журналисттик иликтөөлөрүбүз үчүн документтерди ачык булактан алып, анализдегибиз келет.

Эгерде бизге документтерди беришпесе, анда коомчулук чиновниктер менен саясатчылардын мыйзам бузуулары тууралуу билбей калат. Демек, «Клооп» төмөнкүдөй иликтөөлөрдү жүргүзө албай калат: