Коронавирус беш медиктен аныкталып, он сегиз медкызматкер илдеттен айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабтан 23-октябрда Бишкек шаарынан — бир, Баткен жана Ысык-Көл облустарында — экиден медик коронавируска чалдыкканын кабарлашты.

Мындан сырткары өткөн суткада 18 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын жетөө ооруканада, он бири үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 566га жетти — анын 3 238и оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-октябрдагы брифингде билдиргендей, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 1 091 медик документ тапшырган. Ал эми 200 миң сомдон кенемтени болгону 171 медик жана 1 млн сомдон 24 медкызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнгөн.

Ошондой эле, Үсөнбаев комиссиянын 19-октябрдагы жыйынында дагы 133 медицина кызматкерине кенемте төлөп берүү чечими чыкканын айткан. Анын ичинен үчөөнүн үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөө маселеси каралмакчы.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар. Мындан тышкары, жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 54 588ге жетти. Алардын ичинен 47 050 адам илдеттен айыгып, 1 126сы каза тапты.