«Аффект абалында болгон». Алайда энесин өлтүргөн өспүрүм кыз бошотулду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Алай районунда энесин өлтүрүүгө шектелген 16 жаштагы өспүрүм кыз сот залынан коё берилди.

Облустук сотунун басма сөз кызматы «Турмуш» басылмасына билдиргендей, Алай райондук соту тарабынан шектүү «аффект абалында киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылган.

Сот «Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотуу» беренеси боюнча иш өндүрүштөн кыскартып, өспүрүмдү жазык жоопкерчилигинен бошотту.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Алай районунун Жошолу айылында орун алган. 16 жаштагы өспүрүм кыз апасы менен уруша кетип, анын башына кулпу менен эки-үч жолу чаап жиберген. Андан кийин башка бөлмөгө кирип жатып алган. 52 жаштагы аял кансырап жатып каза болгон.

Ош ОИИБинин маалымдагандай, маркумдун жолдошу мындан сегиз жыл мурун каза болгон. Ошондой эле, жолдошунун өлүмүнөн кийин ичкиликке берилип кеткендиги кошумчаланган.

Тема боюнча:

Алайда апасын өлтүрүүгө шектелген өспүрүм кыз эки айга камалды