Алайда апасын өлтүрүүгө шектелген өспүрүм кыз эки айга камалды

Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө жашаган 16 жаштагы өспүрүм кыз энесин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде орун алган. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, маркум башына жеген жараттан каза тапкан.

«Кызы менен апасы уруша кетип, кызы апасынын башына кулпу менен эки-үч жолу чаап жиберген. Андан кийин башка бөлмөгө кирип жатып алган. 52 жаштагы аял кансырап жатып каза болгон», — деди Аширбаев.

Аширбаев маркумдун күйөөсү мындан сегиз жыл мурун каза тапканын кошумчалады. Окуя «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, карантин маалында борборго кайрылгандардын саны өстү. Ал мунун себебин күнүмдүк жашоого акча таап жашагандар үчүн азык-түлүктүн жетишпей жатканы менен байланыштырат.

Ал эми «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова өзгөчө абалда журналисттерге аккредитация берилбей калгандыгы да үй-бүлөлүк зомбулуктун өсүшүнө таасирин тийгизүүдө дейт. Анткени, «зомбулукка кабылгандар маселесин айтып чыгайын десе, алардын үнүн жеткирчү эч ким жок болууда».

Бирок Оштун команданты Малик Нурдинов 20-апрелде облуста жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун 56 жана Ош шаарында тогуз факт катталгандыгын айтты. Анткен менен бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу аз экендигин кошумчалайт.

2020-жылдын алгачкы айларында өлкөдө беш аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза тапкан. Ал эми карантин убагында Кыргызстан боюнча жети өспүрүм өз өмүрүнө кол салды.