Дастан Бекешев: Жогорку Кеңештин кызматкерлерине маяна төлөнгөн жок

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм каналында Жогорку Кеңештин кызматкерлерине, анын ичинде депутаттарга дагы айлык төлөнбөгөнүн билдирди.

«Мейли, депутаттар маянасыз калыптыр. Жок дегенде Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыктын кызматкерлерине төлөнсө болмок. Тилекке каршы, баары тең айлык албай калышты, бирок берилет деп үмүт кылам», — деди Бекешев.

Коронавирус пандемиясынан жана саясий толкундоолордон улам Кыргызстан узакка созулган экономикалык кризиске дуушар болду.

Бюджеттин тартыштыгы рекорддук 35,6 млрд сомго жетип, ал эми тышкы донорлор менен насыя берүүчүлөр республикага берилип жаткан финансылык жардамдарын токтотушту.

Ошол эле учурда өлкө бийлигинин алдында пандемияга каршы күрөшүүгө, талкаланган Ак үйдүн оңдоп-түзөө иштерине, президенттик шайлоону, конституциялык реформаны жана 2021-жылы парламенттик шайлоону өткөрүүгө каражат табуу маселеси турат.