Тилек Матраимовдо эки тараптуу пневмония аныкталды

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилекбек Матраимовдо эки тараптуу пневмония аныкталды. Бул тууралуу 30-октябрда анын бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында, Тилек Матраимов эки тараптуу пневмония дартынан улам 15 күн мурун ооруканага жаткырылып, учурда дарылануудан өтүп жатат.

Аны менен катар Искендер Матраимов иниси Кара-Суу районунун администрация башчылыгына кайтып келди деген маалыматты төгүндөдү. Буга чейин социалдык тармактарда Тилек Матраимов кайрадан аким болуп иштеп жатат деген маалымат тараган эле.

Тилек Матраимов шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар Бишкекте Ак үйдү басып алгандан кийин, 6-октябрда акимдик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ошол эле 6-октябрь күнү ал Өзбекстан менен чек ара аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген. Ошондо анын жакындары Тилек Матраимовдун колго түшкөндүгү тууралуу маалыматты жалган деп айтышкан.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, бир айга УКМКнын Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок сот 15-октябрда Тилек Матраимовду үй камагына коё берген.

Тилек Матраимов 2012-жылдан бери Кара-Суу районунун акими болуп иштеп келген. Аталган район кыргыз саясаты үчүн абдан маанилүү — анда 440 миңден ашуун адам жашайт. Бул Талас жана Нарын облусунун калкынын санын да көп.

5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өткөн. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, парламенттеги көпчүлүк орунга Жээнбековдордун кланына тийиштүү делген бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы ээ болгон.

Матраимовдордун кланы — кыргыз саясатчыларынан жана аткаминерлеринен турган таасирлүү үй-бүлө. Искендер Матраимов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламентке өтмөк. Кландын дагы бир таасирлүү мүчөсү — бажы башчысынын мурдагы орун басары жана коррупция менен аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов.

Парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт маалында «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партияларын добуш сатып алууга, админресурс колдонууга жана башка мыйзам бузууларга айыптап келишкен. Ошондой эле эки партия тең атаандаштарын жамандаган көп сандаган фейк аккаунттарды колдонушкан.

Шайлоонун жыйынтыгына макул эместердин тынчтык митинги 5-октябрь күнү кечке маал нааразычылык акциясына айланып, Ак үйдүн басылып алынышына алып келген. «Мекеним Кыргызстандын» мүчөлөрү партияны үгүттөгөн постторун өчүрүп башташкан, ошондой эле партиянын соцтаркмактардагы баракчасы да жок болуп кеткен.

Матраимовдор кланынын башка мүчөлөрү кайда жүрөт?

Искендер Матраимов менен анын тарапташтары экс-депутат Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдошкон, ошондой эле алар президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого каршы чыгышкан.

Депутат Искендер Матраимов Жапаровду колдогону тууралуу маалыматты саясатчы Мыктыбек Абдылдаев билдирген. Мындан тышкары, 6-чакырылыштын башка депутаттары абактан 5-октябрда бошотулган Садыр Жапаровдун премьерлик кызматка дайындалышынын пайдасына аларга коркутуу аракеттери болгонун кабарлашкан.

Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2 айлык мөөнөткө эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошоткон. Ошондой эле ал тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон.

Райымбек Матраимов бажы тармагындагы коррупциялык иштерге шектелүүдө. Буга чейин өзүнүн «кылмыш аракеттеринен» улам келтирилген зыянды — 2 млрд сомду төлөп берүүгө даяр экенин айткан. Бул сумма УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан аныкталган. Ведомствонун басма сөз кызматы ал УКМКнын эсебине аталган сумманын 80 миллионун которгонун билдирген.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кенжебек Дүйшөбаев Матраимовдун кармалышын «театрлашкан шоу» деп атаган. Анын айтымында, журналисттик иликтөөлөр жана фактылар бар болгонуна карабастан, бир дагы ведомство Райым Матраимовго карата кылмыш иш козгогон эмес.

«Жакында эле көрдүңөр, аны кармап, сурактан кийин чыгарышты. Ошол жерден “Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады” дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да. Жапаров аны кетпөө тил каты менен бошотуу чечимин жеке өзү кабыл алгандыгын билдирди. Бирок ага бул ыйгарым укуктарды ким берди? Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык жатат?» — деп суроо салган Дүйшөбаев.