Тилек Матраимов УКМКнын Оштогу тергөө абагына бир айга киргизилди

Ош шаардык соту 9-октябрда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун бөгөт коюу чарасын карап чыкты. Матраимов 9-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына бир айга киргизилди.

УКМКнын басма сөз кызматы 9-октябрда Өзбекстандын чек ара кызматы Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп бергенин кабарлаган. 6-октябрь күнү Матраимов жана анын эки жансакчысы кыргыз-өзбек чек арасын дарыя аркылуу мыйзамсыз кесип өтүүдө кармалган. Аларга «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракети» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

«2020-жылдын 9-октябрында өзбекстандык чек арачылар мамлекеттик чек араны бузган: 1967-жылы туулган Матраимов Тилек, 1989-жылы туулган Кочкорбаев Зиябиддинбек жана 1979-жылы туулган Ахмедов Махсудду кармап, кыргыз тарапка өткөрүп беришти», — деп билдиришкен УКМКдан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда таасирдүү деп эсептелет. Алардын арасынан эң эле белгилүүсү бул — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Ал эми Тилек Матраимов анын иниси. Ал Кара-Суу районун 2012-жылдан тарта башкарып келген.

Тилек Матраимов шайлоо алдында ден соолугуна байланыштуу бир айлык эмгек өргүүсүн алган. Бирок коомчулукта Матраимов иштен кеткени тууралуу маалымат тараган.

6-октябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тургундар чогулган. Алар акимдин кетишин талап кылып, имаратка кирип барышкан. Жыйынтыгында акимдин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп Руслан Маматов болгондугу кабарланган.

Маматов Матраимов менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпаганын айткан. Ошондой эле Матраимовдордун өкүл балдарына, туугандарына «бул жакта орун жок» деп белгилеген.

Кийинчерек өзүн аким деп санаган Маматовдун ишке киришкени да легитимсиз деп эсептелип, акимдин милдетин биринчи орун басары Капарбек Абдиев аткарууда.