«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2-ноябрда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө маек курду. Анда октябрь айынын башындагы саясий кризисти пайда кылган окуяларга карата өзүнүн көз карашын жана мындан аркы пландары тууралуу айтып өткөн.
Президенттик шайлоо тууралуу
Өмүрбек Бабанов кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниетиңиз барбы деген «Азаттыктын» суроосун жоопсуз калтырды. Саясатчы президентикке талапкерлер өзгөчө жоопкерчиликти сезиши керек деп белгиледи.
«Мамлекеттик башчы болом деген талапкер өзүнүн жоопкерчилигин сезе билиши керек. Келиш бир, кетиш — Кыргызстанда көрүп атасыңар кандай кетиштер болуп жатканын. Мен ойлойм жакында элим угат, мен өзүмдүн оюмду айтам. Ойлонуп туруп айтам, азыр бир аз убакыт керек, себеп дегенде акылдаша турган республикачыл тобум бар. Мындайча айтканда, кеңешип туруп чечимди айтабыз. Ошондо ким менен барам, кимди колдойм, ким мени колдойт, анын баары ачык-айкын айтылат», — деди Бабанов.
Конституциялык реформа тууралуу
«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов конституциялык реформа жасоо демилгесин колдой турганын белгилеп, өзгөртүү киргизүүнү 2015-жылы дагы сунуштаганын айткан.
«Башкаруу формасын эл өзү тандашы керек – парламенттик же президенттик башкаруу болобу. Бүгүнкү конституция президентке өтө чоң ыйгарым укуктарды берет. Эл чечиши керек, эгерде эл президенттик башкарууну тандаса, президент бюджетке, социалдык чөйрөгө, коопсуздукка жооп берет. Ошол эле учурда сот системасынын көз карандысыздыгын сактап калуу керек», – дейт Бабанов.
Анын пикиринде, конституциялык реформа жүргүзүү шартында парламенттик шайлоону жылдыруу чечими туура болгон.
Ал эми конституциялык реформа авторитардык режимге алып келбейби деген суроого, Бабанов саясий куугунтукка кабылган лидерлерден куралган конституциялык кеңеш түзүү керек деп жооп берди.
«Мен өзүм ошол топко кирүүгө даярмын. Саясий куугунтукка кабылган адамдар катышса, өмүрү узак, элибизге пайда алып келе турган Конституция түзүлөт деп ойлойм. Мен конституциялык реформаны колдойм. Ал эми анын долбоору кандай болот, колдоймунбу же жокпу, аны окугандан кийин айта алам. Бийликтин тең салмактуулугу, адам укугу кандайча жазылат, жеке менчик кандайча корголот, коопсуздук кандай болот», – деди Бабанов.
Премьер-министрликтин сунушталышы жөнүнө
Саясатчы ага 6-октябрдагы митингдерден кийин премьер-министр болуу сунушу түшкөнүн айтып берди. Анын айтымында, ал ошол күнү аянтка «биригүүнү» сунуштоону айтуу үчүн келген.
«Ал жерде негизги айта турганым бир гана сөз болчу. Ал премьерлик жөнүндө сөз эмес болчу. Келгиле, бардыгыбыз биригели, азыр талашып отуруп от чыгып кетпесин, силердин 5-октябрдагы талабыңарды бекемдеп калалы деп акылымды айтып, башын бириктирейин дегем. Тилекке каршы жаштар түшүнбөдү, Тилек Токтогазиев жетектеген жаштар барып өкмөт үйүн басып алышты, анан мен унчукпай кетип калдым», — деди Бабанов.
Анын айтымында, андан кийин депутат жана «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жардамчысын жөнөтүп, жыйналыш өткөрүүнү сунуштаган. Эртең менен «Жаннатка» жолугушууга Сулайманов өзү, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова жана Жоодар Шадыханов келген.
Бабанов ошондо ага премьер-министр болууну, ал эми Сулаймановго парламенттин спикери болууну сунушташканын белгиледи.
«Эмне себептен десем, сиз азыр ушул убакытта [элди] алып кете аласыз деди. Андан кийин парламенттик жана президенттик шайлоого сиз барбаңыз дешти. Себеп дегенде сиз жетектеп калсаңыз өзгөчө мүмкүнчүлүк болот деди. Мен айттым: андай маселе жок, шайлоого баруудан баш тартам дедим. Болгону бардыгы ачык-айкын болушу керек дедим. [...] Алардын сунушу менен [макул болдум], мен мындайча айтканда, жулунган жокмун», — деди саясатчы.
Бабанов Садыр Жапаровдун тарапташтары көп болгондуктан, экөө тең өз программаларын көрсөтөрү сунушталганын белгиледи. Бул үчүн депутаттарга шарт түзүп берүү зарыл эле.
Бирок, анын айтымында, бул пландар 9-октябрда аянттагы башаламандыктан кийин жок болгон.
УКТга каршы митинг тууралуу
Өмүрбек Бабанов 9-октябрда аянтта болгон Уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы митингде чагым болгон деп билдирди — ал күнү митингди Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогулгандарга кол салып үзгүлтүккө учуратышкан. Анын айтымында, аны үчүнчү күчтөр, анын ичинде мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен байланышкан күчтөр кылган, бирок бул так эмес.
«Республика» партиясынын мурдагы лидери кийинчерээк, 13-октябрда Садыр Жапаров менен, Камчыбек Ташиев менен, андан соң ошол эле күнү Жээнбеков менен да жолугушканын айтып берди.
«Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолуккандагы биринчи жолугушууда биз 9-октябрь күнү аянтта болгон чагымды талкууладык. Алар чагым алар тарабынан болбогонун, тескерисинче, алар өз топторун катуу көзөмөлдөшкөнүн, чагым башка тараптан болгонун айтышты. Андан соң Жээнбеков менен жолуктум, ал анын тарапташтары да Жапаров үчүн болушканын айтты», — деди Бабанов.
Саясатчы чагымчылар эки максатты көздөшкөн деп эсептейт, алардын бири — уюштуруучулар менен чыгып сүйлөп жаткандардын бардыгы камалышы үчүн башаламандык уюштуруу, экинчиси — каршылаштардын митингин кууп таркатуу.
«Укук коргоо органдары да бул кимдин атайын операциясы экенин аныкташы керек. Мен кара пиар кылып, муну ким кылганын айта албайм, анткени бул чоң жоопкерчилик. Бир да саясий тарап жоопкерчилик албайт», — деп белгиледи Бабанов.
Тарапташтары жана «Республика» партиясы тууралуу
«Ыңгайсыз суроолор» программасынын эфиринде алып баруучу Бабановдон 2017-жылы дебат учурунда Жээнбековдун билдирүүсү боюнча комментарий берүүнү сурады. Ошондо Жээнбеков шайлоодон уткандан кийин коррупцияга каршы күрөш Бабановдон башталарын айткан эле.
«Сооронбай Шариповичтин ошол учурда айтылган сөзү жөнүндө мен көп ойлондум сыртты жүргөндө. Ал талапкер катары мен сени куугунтукка алам деп айтты. Тилекке каршы, 2018-жылы Алмаз Шаршенович менен экөө “бир жыл келбесин, тынчтык болсун мамлекетте, эч бир партиялаштарына тийишпейбиз, депутаттарына, жакындарына тийишпейбиз” деп айткан», — деп жооп берди Бабанов.
Ал шайлоодон кийин Кыргызстанда 10 күн болгонун, кеткенден кийин анын Он-Адырда айткан сөздөрү боюнча иш козголгонун белгиледи. Анын айтымында, ал саясаттан президенттик шайлоодо утулганы үчүн эмес, парламентке квота боюнча келген депутаттар сатып кеткени үчүн кеткен.
«Чынын айтканда, мен ошондо Сооронбай Шарипович менен гана эмес, Атамбаев жетектеп турган бийлик менен күрөштүм. Мен дем алганы кеткенде Он-Адыр иши козголду. Ошондо алардан сунуш түштү: “саясаттан кетсин, аралашпасын, мамлекет тынч болсун” деген. Саясаттан кеткен чечимимдин негизги себеби депутаттар болду. Шофёр Илмиянов депутаттарды башкы прокурордун кабинетине отургузуп алып, Бабановду фракция лидерлигинен кетирүү боюнча кол топтой баштады», — деп айтып берди Бабанов.
Саясатчы бул өзүнө карата чоң сокку болгонун айтып, бирок аттарын атоодон баш тартты.
«Мен алардын абийирин сактап калам деп, макул саясаттан кетем деп туруп кеттим. Анткени мен үчүн партияны сактап калыш керек болду. Себеп дегенде партия ошол эле депутаттардан турбайт, партиянын мүчөлөрү 100 миңден ашык. Бул жолу шайлоого чыкканда ошолордун баары тизмеге кирген жок», — деп түшүндүрүп берди ал.
Жээнбеков жана Атамбаев тууралуу
Бабанов «Азаттыктын» берүүсүнүн эфиринде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кечиргенин билдирди.
«Атамбаев 2017-жылы мен тарапка кандай гана сөздөрдү айткан жок. Мен бир эки жыл сыртты жүрдүм, бир жылдай жиним келди, андан кийин ал кишиге таарынганда жашоом оңолуп кетпейт деп ойлондум. Адам өзүнүн катасын сезсе, аны кечире билиш керек. Ал менден бир топ жолу кечирим сурады, ачык да кечирим сурады, бул жолу жолукканда да кечирим сурады. Анан мен ойлодум аны кечирдим деп, бир эле аны эмес. [...] Атамбаев Жээнбековду колдогонун элдин баары билет. Ал ошол үчүн менден кечирим сурады, шайлоодо кетирген катачылыгы үчүн», — деди Бабанов.
Алып баруучу андан 5-октябрдагы окуялардан кийин эмнеге Атамбаев менен аянтка чыкканын жана ушуну менен башка саясий күчтөрдүн ишенимин кетирип алган жокпу деп сурады.
«Бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде болгон. Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Алтынбек Сулаймановдор Атамбаев дагы бизди колдоп, аянтка келет деген сүйлөшүүлөр болгон. Ал жерде бир нерсени басып алуу, бирөө менен кагылышуу тууралуу ой дагы жок болчу. Биздин кандай маанайда келгенибизди өзүңөр көрдүңөр. Ар бири өзүнүн тобу менен чогулмак. Андан соң биригип аянтта тынчтык митингин өткөрмөкпүз. Биздин максат, үйүндө коркуп отурган депутаттарга иштөөгө шарт түзүп берип, мыйзамдуу премьер-министр шайлоо болчу. Эл көрсүн деген максатта», — деп жооп берди Бабанов.
Шайлоодон кийинки Кыргызстандагы абал өзгөрбөсө, кайрадан саясатка келбейт элем деген оюн кошумчалады. Саясатчынын айтымында, Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүү боюнча «Республиканын» планына карабай, бул мүмкүн эмес эле. Анткени, «чечимди партия эмес, президент чыгарат, демек ал тарапка жол жок болчу».
Андан соң «Ынгайсыз суроолордун» эфиринде Өмүрбек Бабановго Сооронбай Жээнбековду дагы, Алмазбек Атамбаевди кечиргендей кечире аласызбы деген суроо берилди.
«Мен ойлойм, Сооронбай Шарипович өзүнүн ишинен көп жыйынтык чыгарат го. Ал киши кимди куугунтуктап ката кылганын дагы жакшы түшүнөт деп ойлойм. Азыр, тилекке каршы жумуштан кеткенден кийин түшүнөт. Ага карата мени үч жылдан бери куугунтуктап, иштерди козгодуңуз деген таарынычым деле жок», – деди Бабанов.
Бабановдун айтымында, Жээнбеков «өзүнүн каталарын аныктап, кадр саясатын кайрадан карап чыгышы керек».
«Ошол эле Матраимов тууралуу ага он жолу айтылды. Факты бергиле, факты бергиле деп туруп алды. Шайлоодогу добуш сатып алуу боюнча көп айтылды. Ал кезде деле факты талап кылды. Акыры ушундай окуялар болду», – деп белгиледи саясатчы.
Мурдагы талапкер
Өмүрбек Бабанов 2005-жылы кичи мекени болгон Талас облусундагы Кара-Буура районунан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Андан кийин ал дагы эки жолу парламентке өткөн — 2010 жана 2015-жылдары. Ал эки эки жолу өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган, ал эми 2011-жылы декабрда өкмөттү сегиз ай жетектеген.
2017-жылы «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин көрсөткөн. Президенттин шайлоодо Бабанов бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башка атаандашы болгон. Ал учурда Жээнбековду шайлоо өнөктүгү башталып аягына чыкканга чейин ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаев колдоп турган.
Ар кандай изилдөөлөр шайлоо өнөктүгүндө калктын фаворити Бабанов болгонун көрсөткөн: аны колдоо үчүн 107 миң шайлоочу кол койгон, ал эми гууглда аны башка президенттикке талапкерлерге караганда көбүрөөк издеп, өлкөнүн экинчи мыкты өкмөт башчысы деп аташкан.
Бирок, президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. Мындан кийин Бабанов саясаттан кетерин билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин ал ар кандай басылмаларга берген бир нече интервьюсунда, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө Атамбаев менен Жээнбеков үй-бүлөсүн коркутуу менен мажбурлаганын айтып берген. Шайлоо алдындагы жарыш учурунда Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Саясатчынын айтымында, эгер ал Кыргызстандан кетсе ал иштер токтотулушу керек болгон. Бирок кылмыш иштер эмдигиче тергелүүдө. Бабанов 2017-жылдан тарта Москвада жашап, өлкөгө эки жылдан кийин гана кайтып келген.
Бирок Бабанов парламенттик шайлоого чейин бир апта калганда Asia Mall соода борборунан алдында «Атак-даңк аллеясынын» ачылышында пайда болгон. Эртеси күнү «Республиканын» фейсбуктагы расмий барагында Бабановдун партиянын «Өмүрбек Токтогулович, кош келдиңиз» деп жазылган баннеринин фонунда Руслан Казакбаев менен түшкөн сүрөтү жарык көргөн.
Парламенттик шайлоого катышкан партия лидерлеринин дебаттары учурунда «Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев эгер партия парламентке өтүп, көпчүлүк коалициясын түзсө Бабановду премьер-министрлик кызматка көрсөтөрүн билдирген.
Шайлоо — 2021
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.
Анын айтымында, өлкө башчысы тандалып алынгандан кийин конституциялык реформа жүргүзүлөт. Мындан кийин гана жетинчи чакырылышка парламенттик шайлоо өтөт.
Конституцияга ылайык, кезексиз президенттик шайлоо өлкө башчысы отставкага кеткенден кийин үч ай аралыгында өтүүгө тийиш. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген, демек бул мөөнөт 2021-жылдын 16-январында аягына чыгат.
БШКнын маалыматы боюнча, мурдараак президенттик шайлоого катышуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү «Кыш болбойт» мэминин автору арстан Алай, экономист Кубан Чороев, саясатчы Назарбек Нышанов жана парламенттин экс-депутаты Бектур Асанов документтерди тапшырган.
Кыргызстандагы саясий кризис
Кыргызстанда октябрь айынын алгачкы аптасынан бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишкекте митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгына макул эместер борбордук Ала-Тоо аянтына чогулушкан.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар утуп чыккан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.
5-октябрдан алтысына караган түнү митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада Ак үй басып алынган. Башаламандык учурунда протестке чыккандар бир катар камактагы адамдарды бошоткон. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана экс-депутат Садыр Жапаров болгон. Жапаров 2013-жылдагы адамдарды барымтага алуу иши боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан болчу.
Жапаров абактан бошотулгандан кийин өзүн премьер-министр атап алган.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары үч жолку аракеттен кийин гана Жапаровду премьер-министрликке бекиткен — бардык добуш берүүлөр митинг өткөрүү, эл өкүлдөрүнүн дарегине коркутуулар менен коштолгон.
Жапаров ошол эле күнү эки тараптуу макулдашууга ылайык, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын айткан. 16-октябрда депутаттар Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу жана ошол эле учурда премьер-министрлик милдетти Садыр Жапаров өзүнө алган. Анткени парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.
22-октябрда өткөн жыйында алтынчы чакырылыштын депутаттары Акылбек Жапаровдун кайра парламенттик шайлоону 4-6 айга жылдыруу тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген. Муну менен депутаттар ыйгарымдарын 2021-жылдын жаз айларына чейин узартып, бирок маяна албай иштеп берүүгө макулдук беришкен.
Мындай чечими менен депутаттар Конституциянын эки беренесинин — парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү күнүн дароо үч окууда белгилөө жөнүндөгү мыйзамдардын күчүн токтоткон. Мындан улам парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө артка жылдырылган.
Мындай демилге, Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө үлгүрүү максатында сунушталган. Шайлоочуларга президенттик же парламенттик башкарууну тандоо, ошондой эле бир катар түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси сунушталмакчы.
Ошол эле учурда, Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору азырынча көрсөтүлө да, талкуулана да элек.