Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою кандай өзгөрдү?

Садыр Жапаров, президентин басма сөз кызматы

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров буга чейин парламенттик шайлоонун мөөнөтү кайрадан жылдырылып жатканын билдирген. Ал парламенттик шайлоо 2021-жылдын экинчи жарымына чейин өтпөй турганын, ага чейин кезексиз президенттик шайлоо өтүп, андан соң Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча референдум болорун айткан. Ошол эле кезде Жапаров президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтүүнү пландап жатат.

«Клооп» Жапаровдун үч аптага чейин созулган саясий кризисте кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү жана конституциялык реформа тууралуу айткандарын талдап чыкты.

6-октябрь. Азырынча эки система иштеп турмакчы

«Башчылар, макул, кетсин. Орун басарлары бар. Биз бүгүн, бүгүн болбосо эртең легитемдиштирип, бир кишини коёбуз, эски система иштейт. Эгерде эски система иштебесе “бардак” болот, талап-тоноочулук болот. Андайга жол бербейли. Биз маданияттуу жол менен кетели», — деп 6-октябрга караган түнү орун алган башаламандыктардан кийин бошотулуп, «Садыр — президент!» деген ураандар менен Ала-Тоо аянтына жеткирилген Жапаров тарапташтарынын алдында убадалаган.

10-октябрь. Президент болот, премьердин кереги жок, курултай системасы иштейт

«[…] Конституцияга өзгөртүү киргизели, бир мандаттуу округдан кылалы, анан президент болсун, премьер-министр жок болсун, анан курултай системасын киргизели, президенттин бир эле вице-президенти болсун дегенбиз. [...] Менин оюм 75 [депутат] калтырсакпы же 55ке чейин түшүрсөкпү деген ой. Бирок анын баарын саясий күчтөр, силер менен отуруп, такташып чечишибиз керек», — деп билдирген Жапаров депутаттардын мамлекеттик резиденциядагы кезексиз жыйынында. Буга чейин анын премьерликке талапкерлигин ошондогу президент Сооронбай Жээнбековго бекитүүгө жөнөтүлгөн эле.

Депутаттар менен талашып-тартышуу учурунда Жапаровго мыйзамдын жана Конституциянын алкагынан чыкпоону эскертишти. Кайрадан шайлоо БШКда, тиешелүү мөөнөттө аныкталууга тийиш — бул маселени создуктурууга болбойт.

«Албетте, мыйзамды бузбаш керек, бирок түзлгөн кырдаалды эске алыш керек», — деп жооп берген, болочоктогу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер министр.

Кайсыл багытта экени так айтылбаса дагы Конституциялык реформа жүргүзүү демилгеси, бир кезде Жапаров үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев менен бирге түптөгөн «Мекенчил» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын өзөгүн түзгөн.

19-октябрь. Үч айдын ичинде парламенттик жана президенттик шайлоо мыйзам чегинде өтөт.

«Учурда парламентте тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатат. Эгерде анын жыйынтыгында мыйзамдар өзгөртүлсө, президенттик шайлоого катышам. Бирок, азыр бул тууралуу айтуу эрте. Бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек», — деп айткан Жапаров Орусиянын «Россия 24» телеканалына курган эксклюзивдүү маегинде.

Ошол эле күнү Жапаровдун дүйнөгө таанымал башка ЖМКга курган маеги жарыяланган.

«Бизде жакшы сөз бар, чындык эшикке чыкканга чейин эшиктеги калп дүйнөнү бир тегеренип келет дейт. Мен жөнүндө айтылып аткан калптар дүйнөнү бир эмес, үч жолу тегеренип келди азыр. Ошон үчүн дүйнө коомчулугу мага ишенбей турат.

Баягы мындай бир күмөн санап, ушундай ойлорду айтып жатат баягы башка кошуна мамлекеттер, Европа биримдиги жана Америка дегендер. Көп күттүрбөйт айткан сөзүбүздү ишибиз менен далилдейбиз. Жакын арада, үч айдын ичинде президенттик шайлоо болот, парламенттик шайлоону да өткөрөбүз, мыйзам талаасынан чыкпай өткөрөлү деп жатам», — деп билдирген Жапаров эл аралык Al Jazeera телеканалынын 19-октябрда эфирге чыккан берүүсүнө курган маегинде.

Курултай — баарынан өйдө турат

Al Jazeera телеканалына курган маегинде Кыргызстандын Конституциясын парламенттик системасыз көрөрүн айткан. Жапаровдун айтымында, республика бир мандаттуу добуш берүү системасына кайтып, курултайды өлкөнүн башкы органы кылыш керек.

Анын ою боюнча, курултайдын алдында президент менен премьер-министр отчёт берет, ал эми курултай алар начар иштесе отставкага кетире алат.

«Биз парламенттик системага эрте өтүп алганбыз. Биздин элдин менталитети, маданияты азыр парламенттик башкаруу эрте экенин айтып турат. Мисалы, балким, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй болуп жарандарыбыз ошого даяр болсо, анда парламенттик система менен кете берсек болот эле. Балким 25-30 жылдан кийин биз [парламенттик башкарууга] барарбыз», — деп түшүндүрдү ал.

22-октябрь. Парламенттик шайлоо 1-июнга чейин өтөт, ага чейин Конституциялык реформа болот.

Бул күнү алтынчы чакырылыштын депутаттарды бир күндүн ичинде парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум тууралуу конституциялык мыйзамды үч окууда кабыл алышкан. Бирок БШК буга чейин парламенттик кайра шайлоонун күнүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген болчу.

Юристтер бул мыйзамдын кабыл алынышы конституцияны бузат деп эсептешет. Бирок президенттин милдетин аткаруучу жана премер-министр Садыр Жапаров ага кол койгон. Бул мыйзам боюнча, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо 1-июнга чейин өтөт, ал эми ага чейин конституциялык реформа өтөт.

23-октябрь. Парламент июнга чейин отурбайт.

«Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга “запас” убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы, парламент июнга чейин олтурат экен деп “дүрбөлөң” болбогула», — деп билдирген Жапаров соцтармактардагы барактары менен Телеграмда.

Бул конституциялык мыйзамга кол коюлган күндүн эртеси болгон. Ал мыйзам Кыргызстандын депутаттарын жана президентти шайлоо тууралуу мыйзамдын иштешин убактылуу токтоткон. Жапаров шайлоолордун жылдырылышын «кырдаалды турукташтыруу жана калктын ишенимин жогорулатуу» менен түшүндүргөн.

25-октябрь. Парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарымына чейин болбойт

«2020-жылдын 20-декабрында парламенттик шайлоо болот деп туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. Алгач, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин Кудай буюрса реформалар жүрөт. Андан кийин анан парламенттик шайлоо болот», — деп ишендирген Жапаров ошол күнү соцтармактар менен Телеграмда.

Натыйжада парламентке шайлоонун өтө турган убактысы бүгүнкү күнгө чейин белгилүү боло элек. Буга карабастан БШК аны 2020-жылдын 20-декабрына дайындаган, учурда шайлоону жокко чыгаруу боюнча сот процесстери өтүүдө.

Ал түгүл Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум да кайсы убакытка пландалып жатканы, анын ичине кандай түзөтүүлөр киргизиле турганы да белгисиз.

Азыр президенттик шайлоонун гана так датасы белгилүү — 2021-жыл 10-январь.

Контекст: Кыргызстанда үч аптадан бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишкекте митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместер борбордук Ала-Тоо аянтына чогулушкан.

БШК жарыялаган жыйынтык боюнча, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар утуп чыккан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.

Ошол эле түнү митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада Ак үй басып алынган. Башаламандык учурунда протестке чыккандар экс-депутат Садыр Жапаровду абактан бошоткон. Жапаров 2013-жылдагы адамдарды барымтага алуу иши боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан болчу.

Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.

Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.