Сүрөт: Айдай Токоева / Клооп

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Талант Мамытов парламенттин мурдагы эки төрагасы Дастан Жумабеков менен Канат Исаевге чапан жаап, калпак кийгизди.

«Ушул оор кырдаалда биздин улуу аксакалыбыз Мыктыбек Юсупович [Абдылдаев] дагы чогуу туруп, спикер болуп шайланып, ушул туңгуюктан чыгарганга көп салымын кошту. Бүгүн, тилекке каршы, арабызда жок экен. Үчүнчү чепкен ошол үчүн болчу, Кудай буюрса аны дагы тапшырып коёбуз», — деди Мамытов.

Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында парламенттин спикери болуп дайындалып, быйыл 6-октябрда отставкага кеткен — буга өлкөдөгү массалык толкундоолор жана саясий кризис себеп болгон. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланып, 10-октябрда ал спикерликтен баш тарткан. Ал эми Исаев бул кызматка 13-октябрда шайланып, 4-ноябрда төрагалыктан кетти.