Мыктыбек Абдылдаев спикерликтен баш тартты, жыйынды Бакиров алып барды

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 10-октябрда төрагалыктан кеткенин айтты. Бул чечимди «анын спикер катары шайланышынын легитимдүүлүгү боюнча коомчулукта, саясатчылар арасында эки ача ойлор болгону менен» байланыштырды.

«6-октябрда ушундай эле кезексиз жыйын болгон. Ошол жерде 61 депутат катышып, ошонун дагы маселеси бүгүн көп болуп атат. Летигимсиз жана легитимдүү болгон деген. Кырдаал турукташканча шайлап бергенсиздер, мен милдетимди аткардым. Эки ача ой болбосун, мыйзамдуулук бузулбай түз болсун деп өз ыктярым менен отставкага кетип жатам», — деди Абдылдаев.

Кезексиз жыйынды вице-спикер, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров алып барды. Аталган партия 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алгандардын бири. Эртеси күнү оппозициялык партиялар жана шайлоодон өтпөй калган партиялардын бардыгы мөөнөтсүз митингге чыгып, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышкан. Митингдер дээрлик 10-октябрга чейин уланган.

Парламент бүгүнкү жыйында үч маселени карап жатат. Алардын негизгиси өкмөт башчыны жана өкмөттүн курамын бекитүү. Бирок жеринен жасалган түз алып көрсөтүүлөрдөн бул жыйынга оппозициялык депутаттар катышкан эместигин байкоого болот.

Буга чейин 6-октябрда депутаттардын бир бөлүгү «Достук» мейманканасында чукул чогулуп, спикер катары Мыктыбек Абдылдаевди шайлап, премьер-министр катары абактан бир күн мурда тарапташтары тарабынан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырышкан болчу.

Бирок оппозициялык депутаттар бул жыйынга да катышкан эмес. Ошондой эле кворум сакталып-сакталбаганы боюнча көптөгөн шек саноолор айтылган.