Спикер Канат Исаев отставкага кетти. Ал президенттик шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев парламенттин 4-ноябрдагы жыйынында отставкага кетүү чечимин кабыл алганын билдирди. Ал президенттик шайлоого катышарын айтты.

Исаевдин айтымында, учурдагы президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров дагы президенттик шайлоого катышканына байланыштуу өлкө башчынын милдеттери кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүлүшү керек.

«Кечээ күнү биздин партиялаштар [«Кыргызстан»] мени президенттикке талапкер катары көрсөтүштү. Президенттик шайлоого катышып, биз дагы аракет кылсак деген ниетибиз менен аттанып жатабыз. Демек биз дагы, мен партиянын жетекчиси катары, Жогорку Кеңештин төрагасы катары президенттин милдеттин аткара албайм. Кайра өкмөткө жөнөтөлү десек, өкмөттө толук кандуу премьер-министр жок. Премьер-министрдин милдетин аткарган биринчи вице-премьер дагы президенттин милдетин аткарганы туура эмес болуп калат. Өзү толук кандуу өкмөт башчысы болбосо, анан дагы мамлекет башчысынын милдеттерин аткарса туңгуюкка келип кептелип калып жатабыз», — деди Исаев.

Анткени менен Конституцияга ылайык (68-берене), президенттин милдеттери премьер-министрдин милдетин аткаруучуга өтүүсү керек. Мыйзамга ылайык, Садыр Жапаров кызматын тапшырса анын ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер Артем Новиковго өтөт.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеш Исаевди кетирүү маселеси көтөрүлүп жатканын билдирген. Анын ордуна «Республика — Ата-Журттун» депутаты Талант Мамытов сунушталып жатканы айтылган.

Канат Исаев 13-октябрда парламенттин төрагасы болуп шайланган. Ал эми эки күндөн кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыргандан кийин, Исаев өлкө башчынын милдеттерин аткаруудан баш тарткан. Ошентип президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындады. Учурда шайлоого катышуу үчүн БШКга беш талапкер арызын тапшырды.

Алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), «Байыркы көчмөн цивилизациясы» фондунун төрагасы Кубан Чороев, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов жана экс-депутат Бектур Асанов бар.