Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы 2020-жылдын жай айларында, коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилде кыргызстандыктардын укугунун сакталуу деңгээлин изилдеген. Тактап айтканда, ассоциация мамлекеттик органдар жарандардын так маалымат алуу укугун сактаганбы деген суроого жооп издеген.
Кыргызстандыктарды сурамжылоонун натыйжасында, жаңы вирус, анын алдын алуу, дарылоо жана статистика тууралуу расмий маалымат жетишсиз болгону аныкталган. Ошондуктан COVID-19 дартына чалдыккандар жана көз жумгандардын саны өскөн. Аны менен катар, элдин бийликке болгон ишеними төмөндөгөн. Изилдөө Кыргызстандагы адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгынын колдоосу менен жүргүзүлгөн.
Ишенимсиз статистика
«Респонденттер алардын чөйрөсүндө ооруга чалдыккандар көп, ал эми расмий статистика төмөн болгондуктан, өлкөдөгү COVID-19 жугузгандар менен ооругандар тууралуу маалымат реалдуулукка жакындабай турганын белгилешкен», — деп жазылат изилдөөнүн отчетунда.
Коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы 2020-жылдын июль айына чейинки ооруга кабылгандар менен каза тапкандардын деңгээлин аныктоо ыкмасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушунан жана эпедемия менен ийгиликтүү күрөшкөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан айырмаланганын белгилешет.
«Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кайсыл тепкичинде болбосун, чечим кабыл алууда саламаттык сактоо тармагынын даярдыгы тууралуу позитивдүү контексттеги маалыматтарды айтып келген. Бирок 2020-жылдын июнь-июль айларында COVID-19га чалдыккандар менен каза болгондордун саны кескин жогорулап, мурда айтылган маалыматтардын чындыкка коошпой турганын айгинелеп, аны менен катар карапайым элдин бийлик башындагыларга карата ишенимин бир топ эле төмөндөткөн», — деп жыйынтыктаган изилдөөчүлөр.
ӨА жана ӨК режимин кантип сактоо керек?
Изилдөөнүн жүрүшүндө жарандарга өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминде кантип санитардык нормаларды сактоо керектигин так түшүндүрүлбөгөнү аныкталган. Көпчүлүк респонденттер «көп учурда маалымат кеч жетип, жыйынтыгында өзгөчө абал режимин бузууга мажбур» болгондугун айткан.
Сурамжылоого катышкандар ӨА менен ӨК талаптары тууралуу дос-тааныштарынан угушкан. Изилдөө кыргызстандыктар үчүн өкмөттүн брифинги, Бишкек комендатурасынын буйруктары деле натыйжасыз болгонун көрсөткөн. ЖМК менен социалдык тармактардагы «бири-бирине каршы келген» маалыматтар дагы реалдуу чындыкты көрсөтүп бере алган эмес.
Ошол себептүү көпчүлүк жарандар орусиялык жана чет элдик маалымат каналдарын, маморгандардын расмий сайттарын жана ДССУнун билдирүүлөрүн колдонушкан.
«Жаңы коронавирус жана аны менен күрөшүү чаралары тууралуу маалымат булагын тандоодо маалымат булагына болгон ишеним жана тиешелүү тилди билүү чечүүчү фактор болгон», — деп белгиленген отчетто.
ӨА учурунда ЖМКны аккредитация укугунун жоктугу
Кыргызстандыктар жергиликтүү ЖМКны деле окуп жатты, бирок ӨА учуруда журналисттер аккредитация алууда «кыйынчылыктарга кабылды» — Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев журналисттерди аккредитациялоодон баш тартып, мындай чечимин алардын ден соолугуна кам көрүү деп атаган.
Изилдөөдө «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын мындай чечимдин мыйзамдуулугу тууралуу интервьюсу келтирилген.
«Өзгөчө абал шартында адам укуктарынан белгилүү элементтерди алып салууга жол берилет, бирок мындай кадамга жүйөөлүү негиз болуп, ооз эки эскертүү мүнөзүндө болбоого тийиш. Демек, бул чечим укуктук нуктан чыгып кеткен», — дейт Жакупова.
Ал ӨА жөнүндөгү мыйзамга ылайык, аккредитация берүүдөн баш тартуу үчүн алгач анын тартибин аныктап алуу керектигин айтат.
«Мындай тартиптин жоктугунан улам журналисттердин укугун чектөө чечиминин мыйзамдуулугу олуттуу суроо жаратат. Ошондой эле, Бишкектеги ЖМКнын көпчүлүгү республикалык масштабда бүткүл өлкөгө чыгат. Демек, бул жерде Бишкектен алыс жайгашкан, мисалы, Баткен же Нарын облусундагы жарандардын укугу бузулушу мүмкүн деп айтууга негиз бар», — дейт укук коргоочу.
Көп маанилүү сунуштар
Аралыкты сактоо жана колду жууп туруу боюнча маалымат респонденттерге түшүнүктүү болгон. Бирок, оорудан коргонуу үчүн беткап тагынууга байланышкан түрдүү пикирлер алардын башын маң кылган.
Ишенимдин төмөндөшүнө мамкызматкерлердин өздөрү белгилеген санитардык талаптарды аткарбай жатканы түрткү берген. Буга кошумча, маморгандар коронавирусту аныктоо үчүн кайдан, кантип текшерилүүнү айткан эмес.
«Тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү, анын орду жана текшерилүүнүн тартиби тууралуу маалымат болгон эмес. Маал-маалы менен тесттен өткөндөр, тесттердин бар экендиги жана ага тиешелүү колдонулуучу материалдардар тууралуу кабар айтылып турган», — деп жазылат отчетто.
Мындан улам, көпчүлүк кыргызстандыктар «дарыланып, айыгып чыккан» тааныш-билиш жана жакындарын, тааныш врач же медайымдарды, ошондой эле телеграм-каналдарды угушкан.
«Бул фактор аргасыз өзүн-өзү дарылаган, дарыланууда интернетти пайдаланган жана оорунун күчөп кетишине алып келген сапатсыз дарылоонун, оор натыйжаларга жана өлүмдүн көбөйүшүнө байланышкан тобокелчиликтердин олуттуу бөлүгүн аныктайт», — дешет изилдөөчүлөр.
2020-жылдын июль айында Кыргызстан коронавирус жуктуруунун туу чокусуна жеткен — бир суткада жүздөгөн жаңы учур жана ондогон каза тапкандар катталган. Дал ушул июль айында Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 дартынан улам каза тапкандар менен пневмониядан көз жумгандарды бирдиктүү статистикага алган. Анда оорудан көз жумгандардын саны 173төн 900гө көбөйгөн.
Бул изилдөөнү талкуулоо учурунда парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева маморгандардын элди маалымат менен камсыздоо боюнча аракеттерин координациялоого жана вирус менен күрөшүүгө даярданууга «убактысы жетпей» калганын айткан.
5-ноябрдагы парламент жыйынында өлкөнүн башкы пульмонологу жана саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус жуктуруунун туу чокусу ноябрдын аягына туура келет деген божомолун жарыялаган.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 64 360ка жетти. Ушуну менен өлкө боюнча 55 306 бейтап оорудан айыкты.
Инфекция жалпы 1 188 адамдын өмүрүн алды. Бирок бул жерде оорудан өз алдынча айыккан, же үй шартында дарыланып жаткандар эсепке алынган эмес.