Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартты. Каржы министрлиги Кытай менен «жашыруун» сүйлөшүү тууралуу

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков 11-ноябрда өткөн басма сөз жыйында Кытай Кыргызстандын тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макул болгонун билдирди. Кыргызстан Кытайга пайыздарды эсепке алуу менен 2 млрд доллардан ашык акча карыз.

«Карыздын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, андыктан ага азырынча кенен токтолбой туралы. Кытай тарап дагы бул маалыматты жарыялабай турууну өтүнгөн. Бирок алар карызды төлөө убактысын узартууга даяр, G20 кошулгандыгына байланыштуу дагы төлөөнү жылдырууга макул, аны менен катар Париж клубунун мүчөлөрү дагы жылдырууга көнүштү. Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, жыйынтыгы тууралуу сөзсүз басма сөз жыйынында айтабыз», — деди аткаминер.

Татиков айрым ЖМКлардагы Кыргызстанга карызды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу берилген жок деген маалыматты туура эмес деп атады. Ошол эле учурда ал сүйлөшүүлөр тууралуу жана мөөнөт кандай шартта жылдырылганын айтып берген жок.

«ЖМКларда кытайлар бизге мөөнөттү узартып берген жок деген жана башка маалымат чыгып жатат. Мөөнөт жылдырылды деп ишендирип кетем, бирок [аларда] шарттары бар, биз бул маселелерди талкуулап жатабыз. Бизде 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин мөөнөт жылдырылды, Кытай боюнча бул 35 млн доллар», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Париж клубунан жана араб өлкөлөрүндөгү башка кредиторлор менен дагы мөөнөт жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстан учурда Кытайга кайсыл иштер үчүн жана канча карыз?

2008-жылдан бери Кыргызстан Кытайдан 10 ири насыя алган: 7 кредит жол курууга жана үч кредит энергетикалык коопсуздук үчүн. Пайыздарын кошкондо карыз учурда 2 млрд 256 млн долларды түзөт. Алар:

  • Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолун калыбына келтирүүгө 75,29 млн доллар;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт жолун калыбына келтирүүгө 200 млн доллар;
  • Ош — Баткен — Исфана жана Бишкек — Балыкчы жолдорунун эки участогун калыбына келтирүү үчүн 129,83 млн доллар (эки жолу насыя алынган);
  • Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун курууга 690,8 млн доллар (үч жолу насыя алынган);
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү электр өткөрүү чубалгыларын модернизациялоого 208 млн доллар:
  • Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын жана Кемин подстанциясынын курулушуна 389,80 млн доллар;
  • Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 386 млн доллар.

Кыргызстандын Кытайга болгон көз карандылыгы

АКШнын Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнөдө 5-орунда турган.

Ошондой эле, Кил дүйнөлүк экономика институтунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө Кытайга болгон тышкы кредиттик карызы алардын ИДПсынан 25%дан ашкан жети өлкө бар жана Кыргызстан алардын бири. Мындан тышкары, ал тизмеде Жибути, Нигер, Конго Республикасы, Лаос, Камбоджа жана Мальдив бар.

Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму карыздын ушунча чоң болушу Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржы боюнча аярлуу» абалга такайт деп эсептейт. Эгер Кыргызстан кредитти өз убагында жаба албаса, Кытай Гонконго жайгашкан эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.

Дагы окуңуз: Бекешев: Кытайга болгон карызды жарандардан алынган салыктын эсебинен төлөйбүз