Бекешев: Кытайга болгон карызды жарандардан алынган салыктын эсебинен төлөйбүз

Эл өкүлү Дастан Бекешев YouTube каналында Кыргызстан Кытайга эмне үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз экенин кеңири айтып берди.

Саясатчынын айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын кредиттик тарыхы токсонунчу жылдары башталган, бирок эгемендиктин алгачкы жылдары алынган насыяларды Кыргызстан төлөп бүткөн, же Кытай кечкен. Азыр өлкө акыркы 12 жылда алган карыздарын пайыздары менен кошуп төлөшү керек.

Кыргызстанга насыя негизинен 20-25 жылга, жылына эки пайыздык чен менен берилет. Төлөөнүн жеңилдетилген мөөнөтү 5 жылдан 11 жылга чейин. Бул насыяларга жарым пайыздык комиссиялык акы чегерилген.

«Эгер бул акчаларга товар же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алсак, анда муну көбүнесе Кытайдан алышыбыз керек болот. Насыя келишимдери Кытайдын мыйзамдары менен тескелет, ал эми талаш жаралган учурларда иштер Кытайдын арбитраждык сотунда каралат. Кредиттин бардыгы АКШ доллары менен берилген, болгону бирөө гана юань менен берилген», — деп айтып берди Бекешев.

Насыялар кайда жушмалган?

2008-жылдан бери Кыргызстан Кытайдан 10 ири насыя алган: 7 кредит жол курууга жана үч кредит энергетикалык коопсуздук үчүн.

Алар:

  • Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолун калыбына келтирүүгө 75,29 млн доллар;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт жолун калыбына келтирүүгө 200 млн доллар;
  • Ош — Баткен — Исфана жана Бишкек — Балыкчы жолдорунун эки участогун калыбына келтирүү үчүн 129,83 млн доллар (эки жолу насыя алынган);
  • Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун курууга 690,8 млн доллар (үч жолу насыя алынган);
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү электр өткөрүү чубалгыларын модернизациялоого 208 млн доллар:
  • Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын жана Кемин подстанциясынын курулушуна 389,80 млн доллар;
  • Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 386 млн доллар.

«Эгер пайыздарды эске алуу менен бүгүнкү күндөгү бардык кредиттерди кошкондо Кыргызстан Кытайга 2 млрд 256 млн доллар карыз. Салыштыра турган болсок биздин 2020-жылга карата бюджетибиз 1 млрд 700 млн долларды түздү», — деди Бекешев.

Ошондо кредиттерди ким кайтарып берет? Спойлер — салык төлөөчүлөр

Акыркы бир айда эле бийлик өкүлдөрү кыргызстандыктарга карызды жабуу үчүн акча чогултуп баштоону эки жолу сунуштады. Парламенттин депутаты жана «Аялдар кеңеши» коомдук бирикмесинин башчысы Айнуру Алтыбаева 19-октябрда акча чогултуу боюнча кампанияны баштоону сунуш кылган.

Ал эми 4-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушууда атайын эсеп ачыларын, ал жакка каалоочулар Кытайга болгон карызды жабуу үчүн акча которсо болорун билдирген. Анын айтымында, бул идеяны мигранттар менен жеке ишкерлер көтөрүп чыккан.

Ушундай эле идеяны Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2007-жылы премьер-министр болуп турганда сунуштаган. Анда эки атайын эсеп ачылып, бирок таасирдүүлүгүн көрсөтө алган эмес. Улуттук банктын маалыматында учурда эки эсеп тең жабылган.

«Чогулган каражаттардын кайда жумшалганы тууралуу маалыматты Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынан алууга болот», — деп билдиришкен Улуттук банктан 2018-жылы.

Алгачкы эсеп Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында улуттук валютада ачылган. Беш жылдын ичинде ал эсепте 20 миң доллардан ашуун (803 миң сом) чогулган. Ал 2012-жылдын 24-июлунда жабылып, чогулган каражаттарды Улуттук банк Каржы министрлигине өткөрүп берген.

Экинчи элдик эсеп дагы 2007-жылы ачылган, бирок долларлык валютада. Ал эсепте 3 350 доллар гана чогулган. Бул эсеп 2012-жылы жабылган, ал эми акча сомго конвертацияланып (дээрлик 158 миң сом), Каржы министрлигинин эсебине которулган. Ошол эле учурда Дастан Бекешев мамлекет карызды бюджеттин эсебинен төлөсө да бул акча баары бир салык төлөөчүлөрдүкү экенин белгилейт. Анткени, 2020-жылы өлкөнүн бюджетин дээрлик 80%ын салык чогултуунун эсебинен түзүү пландалган. Демек, жаран тышкы карызды жабуу үчүн акча төлөп жатканда ал эки жолу төлөгөн болот.

«Өкмөт 2007-жылдан бери жарандарга карызды төлөшүүгө жардам берүүнү суранып келет. Бул жылы да Садыр Жапаров элге Кытай алдындагы карызды жабуу үчүн ыктыярдуу кайыр садага үчүн банкта атайын эсеп ачууну убада кылды. Анткен менен жарандарыбыз доллардын куну өскөнүнө байланыштуу карызды төлөй алары күмөн экенин белгилеп коюу зарыл. Жакын арада эле Каржы министрлигинен кат алдым, анда карыздар боюнча төлөмдөр өз убагында аткарылып жатканы жана ал төлөнбөй калуу коркунучу жок деп айтылат. Демек Кытайга болгон карызды жарандардан алынган салыктын эсебинен төлөйбүз», — деп жыйынтыктады Бекешев.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын экономикасы катуу жабыркагандыктан Кытайдан карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн жылдырууну бир нече жолу суранган.

Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сырткы карыздын төлөө мөөнөтун узартууну жана төлөө шартын жеңилдетүүнү суранган. Акыркы жолу бул өтүнүч Кытай ТИМнин башчысы Ван И Бишкекке келгенде айтылган.

Кыргызстандын Кытайга болгон көз карандылыгы

АКШнын Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнөдө 5-орунда турган.

Ошондой эле, Кил дүйнөлүк экономика институтунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө Кытайга болгон тышкы кредиттик карызы алардын ИДПсынан 25%дан ашкан жети өлкө бар жана Кыргызстан алардын бири. Мындан тышкары, ал тизмеде Жибути, Нигер, Конго Республикасы, Лаос, Камбоджа жана Мальдив бар.

Ушул өлкөлөрдүн төртөөсүндө президенттик башкаруу формасы өкүм сүрөт. Эгер кыргызстандыктар жаңы Конституцияга добуш беришсе, Кыргызстан дагы президенттик мамлекет болуп калат.

Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму карыздын ушунча чоң болушу Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржы боюнча аярлуу» абалга такайт деп эсептейт. Эгер Кыргызстан кредитти өз убагында жаба албаса, Кытай Гонконго жайгашкан эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.