Садыр Жапаров: Райымбек Матраимов Кыргызстандан алгандарын өлкөгө кайтарам деп сөз берген

Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны, 12-ноябрь, 2020-жыл

Президенттин милдетин актаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров экс-бажычы Райымбек Матраимов эмнеге камакка алынбаганын журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында түшүндүрүп берди.

Жапаров ага УКМК Матраимовду кармап келип, камайбыз деп жатканы боюнча маалымат беришкен. Бирок ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев менен 6-7 саат сүйлөшүп, Матраимовду камабоо боюнча саясий чечим кабыл алган.

«Муну камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Ошондо мен саясий чечим кабыл алып УКМКнын башчысынын сурандым, “муну камап койгон менен эмне пайда” дедик. Бизде 6-7 саат ошондой жыйын өттү. Өзү дагы [Райымбек Матраимов] ачыгын айтты, “мени камап койгон менен эч нерсе келбейт, андан көрө мамлекеттен алганымды, же болбосо мыйзамсыз байыган мүлктөрдүн, акчанын барын Кыргызстанга кайра алып келип киргизип берейин” деп сурангандан кийин ушундай саясий чечим кабыл алдык», — деди Жапаров.

20-октябрда Райымбек Матраимовду УКМКнын кызматкерлери Бишкектен кармашкан болчу. Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, ал тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде коё берген.

Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга шектелүүдө. Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы белгилеген 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. Ведомствонун басма сөз кызматы Матраимов УКМКнын эсебине бул сумманын ичинен 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Иликтөө жана реакция

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон.

Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалдын үстүндө иштеген бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.