Акыркы суткада коронавирустун жаңы 567 учуру катталды — анын 136сы Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 13-ноябрда коронавирустун жаңы 567 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 136;

Жалал-Абад облусу — 101;

Баткен облусу — 42;

Чүй облусу — 96;

Ысык-Көл — 57;

Ош облусу — 65;

Ош шаары — 41;

Талас облусу — 17;

Нарын облусу — 12.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 65 454кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 482.

Ошондой эле, акыркы суткада 483 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 97, Ош облусунан — 65, Бишкек шаарынан — 86, Ош шаарынан — 15, Баткен облусунан — 90, Чүй облусунан — 47, Ысык-Көл облусунан — 67, Нарын облусунан — 6, Талас облусунан — 10 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 56 307 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 347 бейтап, ал эми үй шартында 3 916 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 195 адамдын өмүрүн алды.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан жана Баткен облусунан — бирден бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болгону кабарланды. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 195 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.