Өлкөдө COVID-19дан бир суткада үч киши көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган үч бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 199га жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан. Аталган ведомство 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 66 504 учуру катталды. Ооругандардын 57 321и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.