Аксыда массалык мушташта каза болгон тургундун жакындары акыйкат издейт

Массалык мушташтан скрин

Клооп» басылмасына Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну 8-ноябрда атайын кат менен кайрылды. Анда ал үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Аксыда орун алган массалык мушташтан каза болгон Улан Жаманкуловдун иши акыйкат тергелбей жатканын жазган.

Ошондой эле, башка жабырлануучулар тергөөдө көрсөтмө берүүдөн коркуп, айрымдары бир жактуу көрсөтмө берип, алтургай берген көрсөтмөсүнөн баш тарткандар да бар экенин айткан. Мунун себебин ал мушташтын уюштуруучусу делген «Жылдыз» аттуу киши күбөлөргө «кысым көрсөтүп жаткандыгы» менен түшүндүргөн.

«Жылдыздын эки уулу да бул окуяга түздөн-түз аралашкан жана анын бир уулу Кербен шаарында милиция кызматкери болуп иштейт», — деп жазган кат ээси.

Кербенде саясий толкундоолордун шартында 7-октябрда «Алтын казык» кинотеатрынын алдында массалык мушташ болгон. Жаңжал Кербен шаарынын тургундары менен Ак-Дөбө айылынын жаштары ортосунда орун алган. Анын келип чыгуусуна Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиевди кызматта калтыруу же кетирүү маселеси себеп болгон.

Эки тарапты ажыратуу максатында белгисиз тургун тарабынан асманга үч жолу ок атылган. Мушташтан үч киши жабыркап, Аксы аймактык ооруканасына жаткырылган. Бирок алардын бири алган жараатынан улам каза тапкан.

Райондун башчысы Ормоналиев «Клоопко» ошол күнү 300-400дөй адам чогулгандыгын билдирди. Акимдин айтымында, ал кызматын мыйзамдуу жол менен гана өткөрүп бере тургандыгын айтып, чогулгандарды таркатууга аракеттенген.

«Уюштургандар күбөлөргө дагы басым кылып, коркутуп жатат»

«Клооптун» кабарчылары маркумдун жакындары менен байланышып, окуянын чоо-жайын билди.

Маркум Жаманкуловдун жубайы Нургүл Аргинбаеванын айтымында, жолдошу башаламандык болгон жерге акимдин чакыруусу менен элдик кошуундун мүчөсү катары барган.

«“Коңшу айылдын балдары келип бийлик талашып, мени уруп, иш бөлмөмдөн чыгарып жиберишти. Алар бүгүн дагы келип тополоң кылышат. Ошого келип тынчтык үчүн шаарды коргоп бергиле” деп аким чакырган. Менин жолдошумдан сырткары дагы 5-6 адамга чалган экен», — деп түшүндүрдү Аргинбаева.

Ормоналиев Жаманкулов менен телефон аркылуу байланышканын тастыктаган жок, бирок митингчилер 6-октябрда келип жаңжал чыгарып, аны иш бөлмөсүнөн кууп чыкканын ырастады.

«Жаманкуловду кербендик катары таанучум. Акимдин орду талаш болуп жатканда алар администрацияны жана мени коргоо максаты менен бир топ балдар болуп келишкен болчу», — деди Ормоналиев.

Мындан сырткары маркумдун жубайы Аксыдагы башаламандык «атайын сценарий» менен уюштурулган деп эсептейт. Анын айтымында, буга далил катары башаламандыкты уюштургандардын аудиожазуусу да бар.

«Кутман аттуу тургун окуядан бир күн мурун аудио жөнөтүп көрсөтмө берген. “Мен силерге кимди уруш керектигин көрсөтүп турам. Ал жерде Жылдыз минтет, анан силер минтесиңер” деген жерлери бар. Ушул убакка чейин ошондой далилдер болсо да кармай элек», — дейт маркумдун жубайы.

Аргинбаева «Клоопко» маек куруп жатып, окуяны жолдошунун айтып бергендиги менен баяндап жатканын белгиледи.

«Жылдыз деген 1968-жылы туулган чоң эле киши бар. Ошол менин жолдошум жөн эле турган жеринен чакырат, Улан анын жанына барганда мылтык асманга карай атылат. Бул атылган ок “сигнал” болгон экен. Ошол маалда ары жактан атчандар бастырып келип, жолдошумду сабап киришет. Булар даярданып келишкен, алардын колунда арматура, лопатка, таш болгон», — деди Аргинбаева.

Маркум Жаманкулов жаракат алгандан кийин алгач Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланган. Абалы жакшырбагандыктан жакындары аны Бишкек шаарына алып барууга аргасыз болушкан. Борбор калаадан Жаманкуловдун баш сөөгүнөн жарака кетип, кан уюп калгандыктан операция жасалган. Бирок ден соолугу калыбына келген эмес.

«Башамаландыктын негизги уюштуруучулары Жылдыз Шадыбековду жана мурун милиция кызматында иштеген анын уулун укук коргоо органдары камаган жок. Адашпасам уулунун аты Тургунбек болуш керек. Алар жөн эле жүрүшөт. Ошондо милиция “өз кишилерин” кармабайбы?! Уюштургандар күбөлөргө дагы басым кылып, коркутуп, көрсөтмө бердиртпей, үйүнөн чыгарбай жатат. Ал балдардын жакындары арыз жазабыз деп чыгышты эле, коркутуп жаздырбай коюшту. Алар “качан Жылдыз кармалганда анан айтып беребиз” деп жатышат», — деп кейиди Аргинбаева.

Маркумдун артында эки уулу, эки кызы жана жубайы калды.

Окуя тууралуу милиция эмне дейт?

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» аталган факты тергөөнүн жүрүшүндө «Ээнбаштыктан» «Денеге оор залал келтирүү» беренесине өзгөртүлгөнүн билдирди. Ошондой эле, Жээнтаев 7-ноябрь күнү башаламандыктын негизги уюштуруучусу катары шектелип Аксы районунун 33 жаштагы тургуну кармалганын белгиледи. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Бул ишти учурда облустун тажрыйбалуу тергөөчүсү тергеп жатат. Башаламандыкка катышкан адамдардын саны аябай көп болгондуктан, ирети менен баарын суракка чакырып, иш жүрүп жатат», — деп билдирди ал.

Жээнтаев мындан сырткары, «башаламандыкты уюштурду» делген тургундардын «күбөлөргө басым көрсөтүп жатат» деген маалымат боюнча да мыйзам чегинде тергөө жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчү жабырлануучулар тарабынан айтылган кандайдыр бир жагдайларды эске албай койсо, алар атайын прокуратурага кайрылса болот.

Ал эми Жылдыз Шадыбековдун жана анын уулунун бул окуяга катыштыгы Жээнтаев тергөөнүн жүрүшүндө билинет деп жооп берди. Ошондой эле, ал Шадыбековдун уулу Ички иштер министрлигинде 2009-жылы иштегендигин тастыктады.

«Муну уюштургандар жана ага катышкандар тергөө тарабынан аныкталган, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат берилбейт. Тергөө дагы бир айдан кийин аяктайт, андан кийин сотко өткөрүлөт. Анан юридикалык баа берилет», — деди Жээнтаев.

Октябрда орун алган башаламандыктар

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан.

6-октябрга караган түнү, таң атаарда демонстранттар Ак үйдү басып алышкан.

Андан кийин УКМКнын имараты да митингчилер тарабынан колго алынып, мекеменин тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын башка тарапташтары бошотулган.

Андан кийин саясатчы Садыр Жапаров, экс-премьер Сапар Исаков, экс-депутат Равшанбек Жээнбеков жана башка саясатчылар абактан тарапташтары тарабынан чыгарылган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Бишкектен сырткары өлкөнүн башка аймактарында да болгон. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышкан. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарынан кеткен.

Бирок кийинчерек Садыр Жапаров премьер-министр болгондон кийин, анын буйругу менен жергиликтүү бийликтегилер өз кызматтарына кайтып келишкен. Анткен менен Садыр Жапаров убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп келгенден кийин ал бир нече акимдерди алмаштырган.