Аксыда эки айылдын тургундары акимдин ордун талашып жатканда ок атылды

Аксы районунун Кербен шаары

7-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки айылдын тургундары жаңжалдашты. Массалык мушташ учурунда асманга үч жолу ок атылган.

Окуя аталган райондун Кербен шаарында жайгашкан «Алтын казык» кинотеатрынын алдында орун алган. Чырдын чыгышына Кербен шаарынын тургундары менен Ак-Дөбө айылынын жаштары ортосунда Аксы районунун акимин аныктоо маселесин талкуулап жаткан учурда пикир келишпестик себеп болгон.

«Ок эки тарапты ажыратуу максатында белгисиз тургун тарабынан чыгарылган. Учурда окуяга катышуучуларды жана уюштуруучуларды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп билдирди «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, мушташтан жабыркап Аксы аймактык ооруканага үч жаран кайрылып, алар учурда дарыланып жаткандыгы маалымдалды. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аймактык ооруканадан «Турмуш» басылмасына аталган чырдан төрт адам жабыркаганын маалымдады. Анын биринин абалы оор деп бааланууда. Ошондой эле, бир жаранга бычак сайылыганы аныкталган. Мындан сырткары төрт адам медициналык жардам алып кеткен.

Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев «Азаттык» басылмасына билдиргендей, мындан бир күн мурун эртең менен райондук администрациянын алдына болжол менен 500дөй адам чогулган. Чогулгандардын кээ бири акимди «кызматтан кетсин» десе, экинчи тарабы «анын кызмат орду мыйзамдуу жол менен каралсын» деген пикирин айткан. Ал арада район акими өз каалоосу менен иштен кеткени жарыялаганы менен Ормоналиев бул маалыматты төгүндөгөн.