Балдар онкологу Дамира Байзакова коронавирустан каза болду

Маркум дарыгер Дамира Байзакова

16-ноябрга караган түнү Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар-оноколог дарыгери Дамира Байзакова көз жумду. Ал 62 жашта болчу.

Аталган бейтапкананын жетекчиси Эрнис Тилеков «Азаттык» басылмасына Байзакова коронавируска чалдыгып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатканын маалымдады.

Байзакова бир нече жыл балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеген. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамын алган.

16-ноябрга карата өлкө боюнча коронавирустун 66 983 учуру катталды. Анын 3 735и медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдиргендей, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2000ге жакын медик документ тапшырган. Ал эми 200 миң сомдон кенемтени 377 медик жана 1 млн сомдон 27 медкызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнгөн.