Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында такталбаган жерде соода кылууга тыюу салынды

Видеотасмадан скрин

15-ноябрда Жанибек Тойчуев аттуу фейсбук колдонуучу Баткен облусунун Лейлек районунда чек арада тартылды деген видео жарыялады. Анда тажик аялдардын жер-жемиштер менен турганын жана кыргызстандык аялдын аларга нааразы болуп атканын көрүүгө болот. Кайым айтышууга тижикстандыктардын соода-сатык кылып жатканы себеп болгон.

Тасмадагы тажик аялдарына нараазы болгон аял окуя Лейлек районунун Бешкент айылынын Сай деген жеринде орун алганын белгилеген.

«Тажиктер Сайды мындай [жер-жемиштерди ящиги менен тизип алган тажик аялын көрсөтүп] “базар” кылып алышты. Биздин жерде кеңири соода-сатык кылып жатышат. Чек арачылар да унчукпайт. Биз кыргыздар базар кылбай эле отурабыз, а булар болсо биздин жерге жер-жемиш айдап, анан кайра бизге сатып [тажик аялын көрсөтүп] жатышат. Урматтуу кыргызстандыктар, эмне үчүн кыргыздар унчукпайт, же базар кылышпайт», — деп кейиген тасмадагы аял.

Ошондой эле, тасмадан бир чек ара кызматкерин да көрүүгө болот. Ал кырдаалды жайгарууга аракеттенип, соода кылып жаткан аялдарды ал жерден кетүүсүн талап кылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бул тасма 7-ноябрда тартылган деп билдирди. Ошондой эле, бул окуя кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагында, Лейлек районунун Сай жеринде болгонун тастыктады.

«Бул окуя боюнча Тажикстандын аймактык чек ара өкүлдөрү менен Кыргызстандын Баткен облустук чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргөн. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тажик тарап, Сай жерлигинде, тажик жарандарынын соода-сатык иштерин жүргүзүүгө тыюу салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убадалашкан. Азыркы учурда аталган жайда соода кылган жарандар жок», — деп маалымдашты мекемеден.

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан тургундардын ортосунда жаңжалдар маал-маалы менен болуп келет. Үстүбүздөгү жылдын майында Көк-Таш айылында жайыт маселесинен улам Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал ок атышууга айланган.

Натыйжада төрт кыргызстандык — үч чек арачы — жана эки тажикстандык жарадар болгон. Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин бири оор абалда болгондуктан ага операция жасалган. Экинчи операцияны жасатуу үчүн аны 1-июнда Москва шаарындагы аскердик ооруканага которушкан.

2019-жылдын апрелинде Тажисктандын борбор калаасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин атайын комиссия карап чыккан. Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймак катары 976 чакырымдык тилке бар. Анын 504ү делимитацияланып жана демаркацияланган. Көбүнесе жаңжал такталбаган аймактарда чыгып келет.