Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта 8-май күнү эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Жаңжалда жалпы алты адам жарадар болду — төрт кыргызстандык жана эки тажикстандык.

Кыргызстандын версиясы

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, чыр-чатак эки мамлекеттин ортосунда жайгашкан 5000 чарчы метр такталбаган жер тилкеси талашка түшкөндөн улам башталган. Мекемеден бул жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөнүн кабарлашты.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаевдин айтымында, ошол күнү тажик тарап Көк-Таш айылынын четиндеги такталбаган төрт гектар жерди бошотуп берүүнү жана айдаган эгиндерди бузууну талап кылышкан — ал жерде кыргызстандыктардын 20-30 жылдык бак-дарактары бар. Бирок, Маркаевдин айтымында, мындай талап коюу негизсиз, себеби бул маселе өкмөттөр аралык комиссия тарабынан гана чечилиши керек.

Чыр эки тараптан 30-40ка чукул жаран топтолуп, бир-бирине таш ыргытуу менен башталган. Көп өтпөй белгисиз тараптан мергенчи куралынан ок атылган. Окуя болгон жерге барган Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары жаңжалды күчөтпөө максатында эскертүү иретинде асманга ок аткандан кийин, абал турукташа баштаган.

Бирок эки мамлекеттин жарандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканда, Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүз жерден кыргыз аскерлери менен жарандарын көздөй миномёттордон ок чыгарышкан. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысына ок тийип жана бир жаран тургун жарадар болду. Үч аскерге Баткенде операция жасалып, андан кийин 10-майда Бишкек шаарындагы улуттук госпиталга атайын борт менен алынып келинген.

Аскерлердин бирөөсү «туруктуу оор» абалда, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жатат. Калган экөөсүнүн абалы «канааттандырарлык». Ал эми Баткен районунун тургунунун бетине таш тийген — ага ошол эле күнү медициналык жардам көрсөтүлүп, ал дарыланууну үй шартында улантууда.

Жарадар болгон аскер. Сүрөт: Мамлекеттик чек ара кызматы

Жергиликтүүлөр соцтармактарда тараткан тасмада көрүнүп тургандай, кыргызстандыктар атылган октон жашынууга аракет кылып, жолдун четиндеги каналга бекинишкен. Жүрүп бараткан унаалар да жол четине токтошкон.

Ошондой жаңжалда Баткен районунун Көк-Таш айылында жашаган Мажитовдордун жаңы салынган турак жайы өрттөлгөн. Үй-бүлөнүн башчысы 80 жаштагы Абдраим Мажитовдун айтымында, биринчи алардын үйүн көздөй ок атылган. Жашоочулар үйдөн качып кеткен соң тажик тараптан белгисиз адамдар келишип, үйүн өрттөп жиберишкен.

Ал эми анын жубайы Шаада Мажитова бул үйдү куруу үчүн банктан насыя алганын айтып, кейиди.

«Буюмдары, азык-оокаттары баары күл болду эми. Ушул кантип болсун. "Кошуна - түбөлүк" деп айтылат, бир дубал нары турушат. Сууну бизден алышат. Анан ушул кылгандары жакшыбы?», — деп айткан Мажитова «Азаттыкка» курган маегинде.

Тажикстандын версиясы

Тажикстан УКМКсынын чек ара кызматы жаңжалдын чыгышына кыргыз тарапты айыптады. Тажик бийлиги тараткан маалымат боюнча, талашка түшкөн 4 гектар жер Тажикстанга таандык болгон. Аталган жер Исфара районунун Чорк джамоатындагы Кумазор айылында жайгашканы кабарланууда. Ошондой эле кыргызстандыктар ал жерди өз билемдик менен ээлеп алышканын айтышууда.

Тажик тараптын версиясы боюнча окту биринчи Кыргызстандын чек арачылары чыгарган. Анын натыйжасында Тажикстандын эки жараны, 37 жаштагы Фазлиддин Фозилов жана 49-жаштагы Айомиддин Шарипов, жабыркаганы маалымдалды.

Тажикстандын Исфара шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Икбол Тешаевдин айтымында, жарадар болгондордун бирөөсүнө таш тийген, экинчиси мергенчи куралынан жарадар болгон. Алар шаардык ооруканага жаткырылган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр

Чыр чыккан күнү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушууда эки мамлекеттин жергиликтүү күч түзүмдөрдүн жетекчилери да катышкан.

Натыйжада эки өлкөнүн чек ара жана кайгуул күзөт кызматкерлердин иши күчөтүлгөн тартипке өткөн.

Мындан тышкары эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда — Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин — телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өзүнүн тажик кесиптеши Азим Иброхим менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, курал колдонууга жол бербөө тууралуу белгилешкен.

Ал эми чырдын эртеси күнү Акрам Мадумаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен биргеликте Баткен облусуна келишкен. Алар жарадар болгон аскерлерден кабар алганча, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүшкөн.

Ошол эле күнү Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода ТИМге чакырылган.

«Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата гранатомет найлуу автоматтардан, анын ичинде топтук миномёттук куралдан бутага алып ок атууга байланыштуу тажик дипломатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин протест билдирүү нотасы тапшырылды», — деп берилген ТИМдин билдирүүсүндө.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустембеков Тажикстандын ТИМине чакырылып, ага протест билдирүү нотасы тапшырылган. Тажикстандын ТИМи «жаңжалга алып келген кыргыз жарандардын жана аскерлердин чагымчыл аракеттерине» нааразычылык билдиришти.

Ал эми 10-май күнү Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын биринчи орун басарларынын денгээлинде жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр өттү. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара айылдарында милиция кызматкерлеринин жөө кайгуул күзөтүнүн нөөмөтү күчөтүлгөн тартипте калуусу чечилген.

«Буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын такталып, жазыла элек аймактарында, курулуш курбоо, убактылуу жер айдап эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотуп турууну макулдашты», — деп берилген өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө Өкмөттөр аралык комиссия чек арада такталбаган аймактарды делимитациялоо боюнча иштерини коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканда жандандырылышы белгиленди. Жаңжалдан келип чыккан материалдык чыгымдын өлчөмү да такталат.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 1084 километрди түзөт. Чек аранын 53,4%ы эле такталган, ал эми калган дээрлик 452 километри азыркы учурга чейин делимитациялоо боло элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, абал «туруктуу»

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кыргыз тараптан алты адам жабыркады. Эмне белгилүү?