Өлкөдө COVID-19дан бир суткада төрт киши көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 17-ноябрда COVID-19дан төрт бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарында, бирден бейтап Талас жана Чүй облустарында катталды.

Өткөн суткада каза болгондордун арасында медициналык кызматкерлер да бар — илдет Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар-оноколог дарыгери Дамира Байзакованын өмүрүн алды. Ал 62 жашта болчу.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 207ге жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, коронавирустан 83 медкызматкер көз жумган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 67 469 учуру катталды. Ооругандардын 58 315и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.