17-ноябрда өлкөнүн баш мыйзамынын жаңы тексти коомдук талкууга коюлду. Бир нече саясатчылардын маалыматы боюнча, аны Курманбек Бакиев президент болуп турганда президенттик аппараттын юридикалык кызматын жетектеген Бектур Зулпиев жазган. 2020-жылдын 20-октябрында президенттин милдетин мурдагы аткаруучу Садыр Жапаров аны президенттин аппарат башчысынын орун басарлыгына дайындаган.
Ошол эле учурда, президенттик аппараттын басма көз катчысы Нургазы Анаркулов 24.kg маалымат агенттигине маек куруп, баш мыйзамдын долбоорун парламент депутаттары жазганын жана рефрендум өткөрүү дагы парламенттин демилгеси экендигин айткан.
«Алар эксперттерди жана юристтерди тартып, өздөрүнүн Баш мыйзам вариантын даярдашты. […] Конституциялык кеңешме тууралуу айта турган болсок, кандайдыр бир эксперттик топ түзүлөт, алар коомдук пикирди чогултуп жана мониторинг жүргүзөт», — деп аткан, ошол учурда Анаркулов.
Конституцияга оңдоп-түзөө киргизген адистердин ысымдарын ал эл өкүлдөрүнөн тактап алууну айтты. Бирок, мыйзам долбоорунун демилгечиси катары көрсөтүлгөн депутат Эмил Токтошев аны жазууга катышпаганын айтууда.
Бектур Зулпиев деген ким?
Расмий маалыматтарга караганда, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин 55 жаштагы бүтүрүүчүсү көпкө созулбаган окутуучулук ишмердүүлүгүнөн кийин, тагыраагы, 1997-жылы БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган.
Зулпиев 2001-жылы Боршайкомдун төрагасы Сулайман Иманбаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Ал эми 2005-жылы, Жоогазын революциясынан кийин президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын укуктук саясат бөлүмүн жетектеп баштаган. Төрт жылдан кийин Бакиевдин аппаратынын юридикалык кызматынын жетекчилигине дайындалган.
Бектур Зулпиев 1998 жана 2003-жылдарда Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча эксперттик топко кирген.
«Бакиевдердин юристи»
Зулпиевди «Бакиевдин юристи» деп айрым ЖМКлар гана эмес, саясатчылар да айтышат. Экс-президент Роза Отунбаева жакында эле берген интервьюсунда эски адамдар башкаруу позицияларына келип жатканын, жаңы баш мыйзамды Зулпиев жазып жатканын эшиткен.
«Мисалы, азыр Бакиевдин юристи Конституция жазып жатат. Мен парламентте жүргөн кезде, ушул эле Бакиевдин юристи дал ушинтип Сыдыков менен Абдиевди коргогон мыйзам долбоорун көтөрүп келген. Анда, эгерде Бакиев ооруп кала турган болсо, анын бийлиги уулу Максимге (Бакиевге) өтө турганы жазылган болчу. Эми ушул кишилер, эчтеке болбогонсуп, 10 жыл өткөн соң, саясат менен коом алдыга кеткенде кайтып келип отурат… Мен таң калып атам, кайсыл акылы менен мыйзам жазып жатты экен», — деген Отунбаева.
Конституциянын жаңы текстти Бакиевдердин юристинин калеминен жаралганын укук коргоочу Динара Ошурахунова дагы билдирди.
Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Зулпиев автор экенине күмөн санайт.
«Бектур Зулпиев юрфакта эң мыкты окутуучу эле. Чет өлкөлөрдүн конситуциялык укугу деген сабакты семичкедей чагып, мээге куюп окутуп койчу. Баш мыйзамдын долбоорун Зулпиев жазды дегенге ишене албайм. Сабатсыз бирөөлөр жазып алып, Бектурга түртүп койгондой», — деп эсептейт Сооронкулова.
Конституциянын жаңы долбоору
Конституцияга түзөтүү киргизүүнү 80 депутат демилгеледи— «Республика — Ата-Журттан» 23, КСДПдан 18, «Кыргызстандан» 14, «Өнүгүү Прогресс» партиясынан 12, «Бир Болдон» 7 жана «Ата Мекенден» алты депутат. Алардын көпчүлүгү жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында барган.
Конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча референдумду жаңы парламент шайланганга чейин өткөрүү пландалууда. Мурда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары алгач президенттик шайлоо өтөт, андан кийин референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айткан. Бирок, Конституция долбоорунун биринчи беренесинде мындай деп айтылат:
«Кыргыз Республикасынын аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү дайындалсын», — демек, бийлик президенттик шайлоо менен Конституция боюнча референдумду бир убакта өткөргүсү келет.
Садыр Жапаров Конституцияга түзөтүүлөрдү колдойт. Ал бул тууралуу айткандан бери жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган — кампания долбоор жарыялана электе эле башталган. Аны саясатчылар, саясат таануучулар жан башка жүздөр сүрөмөлөшкөн. Ал эми юристтер сынга алышкан.
Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.