Кыргызстанда коронавирус жуктурган беш киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 19-ноябрда COVID-19дан беш бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарында, Талас, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында катталды.

Акыркы суткада каза болгондордун арасында медициналык кызматкерлер да бар — илдет Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери, нейрохирург Рустамбек Уматалиев өмүрүн алды. Ал 57 жашта болчу.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 217ге жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, коронавирустан 83 медкызматкер көз жумган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 68 316 учуру катталды. Ооругандардын 59 362си илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.