Ошто нейрохирург дарыгер пневмониядан каза болду

Маркум дарыгер Рустамбек Уматалиев

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери, нейрохирург Рустамбек Уматалиев 18-ноябрда пневмониядан көз жумду. Ал 57 жашта болчу.

Уматалиев 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, «Дарылоо» факультетин аяктаган.

Алгач эмгек жолун 1988-жылы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгер-анестезиолог-реаниматолог болуп баштап, андан соң Республикалык травматология-ортопедия борборунун Ош шаардык пунктунда дарыгер нейрохирург болуп эмгектенген.

1993-жылы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери болуп иштеген. Он жылдан соң аталган ооруканада жаңы ачылган Нейровертебрология бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.

Мындан бир жыл мурун маркум кайра нейрохирургия бөлүмүнө которулуп, дарыгер катары эмгектенип жаткан. Уматалиев медицина илимдеринин кандидаты.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын июлунда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, Эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров да эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Анын артында эки кыз жана үч уулу калды.

18-ноябрга карата коронавирус өлкө боюнча 14 медиктен аныкталды. Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 764кө жетти — анын 3 514ү оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.