Акыркы суткада коронавирустун жаңы 386 учуру катталды — анын 119у Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штабдан 20-ноябрда коронавирустун жаңы 386 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 119;

Чүй облусу — 118;

Ысык-Көл — 55;

Ош облусу — 30;

Жалал-Абад облусу — 7;

Баткен облусу — 27;

Ош шаары — 2;

Талас облусу — 17;

Нарын облусу — 11.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 68 702ге жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 373.

Ошондой эле, акыркы суткада 427 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 91, Жалал-Абад облусунда — 85, Ош облусунда — 55, Ош шаарында — 2, Баткен облусунда — 66, Чүй облусунда — 81, Ысык-Көл облусунда — 33, Нарын облусунда — 3, Талас облусунда — 11 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 59 789 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 137 бейтап, ал эми үй шартында 3 826 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча 11 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — алты, Баткен жана Ысык-Көл облустарынан — экиден жана Талас облусунан — бир медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада төрт медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 787ге жетти, анын ичинен 3 252 медкызматкер илдеттен айыкты.