«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбоорун — бийликти узурпация кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузуу деп атады. Мындан улам ага каршы турууга чакырды.
Анын билдирүүсү 20-ноябрда партиянын фейсбуктагы расмий баракчасында жарыяланды.
Анын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун мөөнөтү өткөн Жогорку Кеңеш демилгелеген — анын ыйгарым укуктары 28-октябрда бүткөн.
Ошондой эле «өзүн депутат деп атаган мыйзам долбоорунун кол коюучулары» анын авторун билишпейт — демек долбоор Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн эмес жана добуш берүү да өткөрүлгөн эмес.
Саясатчы депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен биргеликте 2021-жылдын 10-январында өткөрүүгө «моралдык да, юридикалык да укугу жок» экенин белгиледи.
Мындан сырткары Мадумаров учурдагы Конституцинын 114-беренеси аны алмаштырууга жол бербесин — бул ар бир жаңы өлкө башчысы мыйзамды «өзүнө ылайыктап жазып алышынан» сактаарын белгиледи.
«Садыр Жапаровдун дал ушул берене “жарандардын укуктарын чектейт” деп айтканы анын “мамлекет дал ушул себептен өнүкпөй, начар Конституциядан улам өлкөнү айдоочулар жана жансакчылар башкарып калды” деп айтканындай эле баш айландыруучу негизсиз жалган-жалаа», — деди ал.
Мадумаров өлкөдө Жапаров айткандай жагдай «начар Конституциянын» айынан эмес, тескерисинче «мурдагы коркок, принциби жок унчукпаган депутаттардын мурдагы президенттерге өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип салууга шарт түзүп бергендиктен» болгонун айтат.
Ошондой эле ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин жана парламенттин ыйгарым укуктарын теңөөнүн ордуна президенттин ыйгарым укуктарын абсолюттук деңгээлге көтөрүү сунушталганын белгиледи. Ал ошол эле учурда президенттин иш-аракеттери үчүн эч кандай жоопкерчилик каралбаганына нараазы болду.
Мындан сырткары Мадумаров мыйзам долбоору парламенттин регламентине ылайык сунушталбаганын айтып, ага «талкуу учурунда өзгөртүү киргизгенге мүмкүн болбогонун» сынга алды.
«Эгер эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн болбосо талкуулагандан эмне пайда? Кол коюучулар аны талкуу учурунда өзгөртүүгө уруксат бербеген берене жазылганын билиштиби? Же өздөрүн өзгөртүү киргизе алабыз деп алдап, жн болбосо жөн гана алардын колдорун топтогонлорго каршылык көрсөтө алышпадыбы?» — деп суроо салды ал.
Конституциянын жаңы долбоору
Парламенттин 80 депутаты 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду. Ал боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо дайындалган күнү өткөрүү сунушталууда.
Конституцияга түзөтүү киргизүүнү президентикке талапкер Садыр Жапаров демилгелеген. Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.
Конституциянын жаңы долбоорунда так эмес аныктамалар бар — мисалы «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.
Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.
Мындан тышкары, сунушталган түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч жарата турган, ЖМКларга кысым кылуу жана цензура киргизүү учурлары бар экени аныкталган.
Мисалы, жаңы Конституциянын 23-беренесинде төмөнкүдөй айтылат:
Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.
Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.
Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.
Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?