Баткен: Бужумдун тургундары ооруканага тез жардам унаасын белек кылышты

Баткен облусундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын тургундары каражат топтоп, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 23-ноябрда «Мерседец-Бенц» спринтер үлгүсүндөгү тез жардам унаасын сатып беришти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, тез жардам унаасы аймактагы 15 миңдей калкты тейлейт.

«Кара-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарын тейлеген тез жардам унаасынын абалы учурда капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келген», — деп билдирди өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү.

Буга чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына да жергиликтүү тургундар тез жардам унаасын тартуулашкан. Оорукананын жамааты бул белекти бий билөө менен кабыл алышкан.

Коронавирус инфекциясы июнь жана июль айларында күч алып турган кезде бейтаптарды тейлөөдө тез жардам унаалары, ИВЛ аппараттары, медициналык каражаттар жана дары-дармек жетишсиз болгон. Мындан улам кайрымдуу кишилер каражат топтоп муктаждыктарды чечүүгө өз салымдарын кошушкан.

23-ноябрга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 69 885ке жетти. Ал эми Баткен облусунда COVID-19 6 537 кишиден аныкталган. Илдеттен өлкө боюнча 31 160 бейтап айыгып, 1 237 киши каза болду.