Видео: Кызыл-Кыялык медиктер белекке берилген тез жардам унаасын бийлеп кабыл алышты

Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына белек кылынган тез жардам унаасы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына кайдыгер эмес кыргызстандыктар 29-июлда тез жардам унаасын белек кылышты. Оорукананын жамааты бул белекти бий билөө менен кабыл алышты.

Бейтапканага тез жардам унаасын тартуулоо демилгеси жергиликтүү жашоочулардын бири Ибрагим Балтабаевге таандык. Ал мурдараак коронавируска чалдыгып шаардык ооруканадан дарыланып чыккан.

Балтабаев «Турмуш» басылмасына мындай кадамга шаардык оорукананын эскилиги жеткен тез жардам унаасын көргөндөн кийин барганын айткан. Анын демилгесин Кызыл-Кыянын тургундарынан сырткары Бишкектеги, Жалал-Абаддагы, Нарындагы кыргызстандыктар да колдоого алган.

«Үй карантинине чыккандан соң социалдык тармактагы тайпалардан айта баштадым. Анан 20 күндө 979 миң сом акча чогулду. Тез жардам унаанын баасы Бишкектен алып келген акы менен 883 миң сом болду», — деген Балтабаев.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 83 жаштагы тургуну Макмалчач Чыкыева коронавируска чалдыккандар үчүн 740 АКШ долларына эки кычкылтек концентраторун сатып алган. Ал концентраторлорду ажылык сапарга деп топтогон акчасына алдырган. Чыкыева концентраторду бейтаптарга акысыз убактылуу колдонууга берип жатат.

29-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 34 512ге жетти. Ал эми Баткен облусунда COVID-19 489 кишиден аныкталган. Илдеттен өлкө боюнча 23 343 бейтап айыгып, 1 347 киши каза болду.