Өрттөнгөн Башкы прокуратуранын ордуна Бишкек шаардык кеңешине имарат курулат

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна жаңы имарат куруу үчүн каражат бөлүү тапшырмасын берди. Жети кабат боло турчу имаратка Бишкек шаардык кеңеши жайгашат.

Түлөбаевдин 24.kg маалымат агенттигине билдиришинче, Бишкек шаардык кеңешинен тышкары, имаратка башка дагы муниципалдык түзүмдөр, мисалы муниципалдык мүлк башкармалыгы, жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы жана шаардык финансы башкармалыгы көчүп кирет.

Курулуш иштери жакынкы айларда шаардык бюджеттин эсебинен башталат. Бул имараттын курулушуна канча каражат сарпталары азырынча белгисиз: долборлоо иштери аягына чыга элек. Бирок, ансыз да тартыштыгы жогору Бишкектин бюджетине чоң оордук келери белгилүү. 2020-жылдын октябрь айынын башына карата бюджеттин тартыштыгы 1,4 млрд сомдук чекке жеткен.

Ошондой эле, Түлөбаев өзүнө чейин мэр болуп иштеген Азиз Суракматовдун чечимин жокко чыгарган: Суракматов шаардыктарга, күйгөн имараттын ордуна этникалык стилдеги сквер куруп, фонтан орнотууну убадалаган болчу. Бул тууралуу Түлөбаев өзүнүн фейсбук барагына дагы жазган. Ал кезде Балбак Түлөбаев мэриянын аппарат жетекчиси болуп турган (кийин фейсбуктагы пост өчүрүлгөн).

Башкы прокуратуранын имаратынын тарыхы

Башкы прокуратуранын Бишкек шаарынын борборундагы, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөлгөн. Башкы көзөмөл орган бул окуядан кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасына көчкөн. Өрт жалмаган имаратты жарнама баннерлерин илип менен жаап коюшкан.

2013-жылы өрттөлгөн имаратты бузууну чечишкен. Көп өтпөй шаар бийлиги бул оюнан кайтып, бул тилкени эң мыкты жасалгалоого конкурс жарыялаган. Бул конкурста мрамор капталган офистик же соода борборун куруу идеясын алып чыккан архитекторлор жеңишке жетишкен.

Андан кийин мэрия кайрадан оюнан кайткан: 2017-жылы өрттөнгөн имаратты оңдоп-түздөп калыбына келтирүүгө 120 миллион сомдук тендер жарыяланган. Калыбына келтирилген имаратка Бишкек шаардык кеңешин же мэриянын өзүн көчүрүп келүү пландалган.

Бирок конкурс өтпөй калган. Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы тендерге катышууга билдирме жөнөткөн фирмалардын бардыгынын документтери туура эмес болгонун айткан. Ал эми ошол кездеги шаар мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин сессиясында конкурска катышууга арыз берген 33 фирманын 20сы парламент жана шаардык кеңештин депуаттарына тиешеси бар деп билдирген. Экинчи ирет өткөрүлгөн тендер дагы аягына чыкпай калган.