Сот өгөй баласын сабаган кишини эч жакка кетпөө тилкаты менен коё берди

Сокулук райондук соту 6 жаштагы өгөй баласын сабаган тургунду эч жакка кетпөө тилкаты менен эркиндикке чыгарды. Ага чейин киши эки күн убактылуу кармоочу жайда болгон.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, жаш баланын апасы тосмо арыз жазган эмес. Бирок, буга чейин аял жолдошун кечиргенин анын адвокаты маалымдаган эле.

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы врачы Гүлнара Жанабилова баланын мээси чайкалганын жана саламаттыгы калыбына келип жатканын билдирген. Учурда баланы ооруканадан чыгаруу аракети жүрүп жатат.

Сокулук районунун «Поле чудес» конушунда 18-ноябрга караган түнү өгөй ата 6 жашар баласын ур-токмокко алганы соцтармактарга жарыяланган . Ошол эле күнү жаш баланын апасы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине күйөөсүнө чара көрүү үчүн арыз жазган. Бирок 23-ноябрь күнү арыз ээси күйөөсүн кечиргендиктен тосмо арыз жазып бергени кабарланган.

Бирок «Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова тосмо арыздын эч кандай күчү жок экенин билдирди. Ал баланын кызыкчылыгын эми Сокулук районундагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү коргой туганын айтты.

Андан сырткары ал Сокулук районунун акимиаты, Социалдык өнүгүү башкармалыгы жана балдарга жардам берүүчү райондук борбор менен биргеликте Координациялык топ түзүлгөнүн маалымдады.

Бул ишти ошондой эле Башкы прокуратура көзөмөлгө алып, ИИМ жабырлануучуга коргоо орденин убагында бербегенин аныктады. Көзөмөл орган бул мыйзам бузууну жоюуну сунуштаган.