Суваналиев октябрь окуялары жана Матраимовдун мафиясы тууралуу айтып берди

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев 26-ноябрда «Азаттыктын» «Эки бир» берүүсүнө маек курду. Интервьюда ал октябрь окуялары учурунда күч структураларын координациялаганы, качып кеткен аткаминерлер жана бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун мафиялык түзүмү тууралуу айтып берди.

«Баары качып кетти»

Өмүрбек Суваналиев 5-октябрдагы массалык нааразычылыктардан кийин көптөгөн аткаминерлер телефондорун өчүрүп, иш орундарынан жоголуп кеткенин билдирди.

«Ошол маалда баары качып кетти, президент, өкмөттүн мүчөлөрү, башкы прокурор, УКМКнын төрагасы, министрлер орун басарлары менен. Жалгыз эле Орозалиев калган», — деди Суваналиев.

Ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков дагы жардамчылары сыяктуу эле жок болуп кетип, байланышуу мүмкүн болбой калганын айтат.

«Туура айтсак, президент жок болуп кетти. Кыргызстандан чыгып кеттиби, чыкпай калдыбы — белгисиз болуп калды, эч ким билбей калды. [Коопсуздук кеңешинин ошондогу катчысы] Дамир Сагымбаев дагы байланышкан жок, мен сурадым. Эч ким байланышта болгон жок, Башкы штаб дагы. Биз жардамчыларынын үйлөрүнө да чалдык, жакын тааныштарына. Чалсак, алар дагы өчүк. Анан биз жөн эле пауза кармап, жоголуп кеткенин сездик», — деди Суваналиев.

Анын айтымында, дал ошондо ал митинг учурунда күч структураларын координациялоо милдетин алууну чечкен. Суваналиев ошол учурда катчы болуп турган Дамир Сагынбаев ага ыйгарымдарын өткөрүп бергенин белгиледи.

«Биз координация кылып, туруктуулукту сактап жатканда генералдар сыяктуу бардык да. Мен легитимдүү генерал катары бардым, ал эми Курсан Асановду мен чакырдым. Сен азыр ИИМге барып, иштеп, жумушту түзөлү [дедим]. Бул жерде эч кандай саясат болгон эмес, болгону жасай турган жумушубузду жасадык. [...] Бизди күч түзүмдөрү дагы жакшы билет, биз аларга дух бердик, анткени биз эл тарапта болдук да», — деди Суваналиев.

Суваналиев 6-октябрда Ак үй басылып алынгандан кийин УКМКнын төрагасынын ордун ээлеп, өзүн күч түзүмдөрүнүн координатору катары жарыялаган. Бирок 9-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аны администрациянын имаратынан узатып чыгарып коюшкан.

10-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков Суваналиевдин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулгандыгы тууралуу жарлыкка кол койгон.

Матраимов жана мафиялык түзүм

Суваналиев Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун өлкөдө бийликке таасири күчтүү экенин айтат. Анын айтымында, ушул себептен улам бажычыны кармоо кыйын болгон.

«Садыр Жапаров премьерликке келгенде, ал “мен Райымды дагы, баарынын түбүнө жетем, бирок мага кыйын болуп жатат, анткени Райым аткаминерлердин 90%ынын баарын сатып алыптыр” деп айтпадыбы. Чындыгында эле ошондой болуп жатат. Анан аткаминерлер жалаң эле министр, төрагалар эмес да, алардын орун басарлары жана башкалары, УКМКдагы балдар бар. Райымдын феномени жана криминалы бүт жерлерге кишилерин коюп алганында, күч түзүмдөрүнүн көбүнө коюп алган, ал тургай журналисттер дагы алардын карамагында», — деди Суваналиев.

Ал Матраимов Кыргызстанда мафиялык структура түзүп алганын жана аны менен Кыргызстандын жаңы президенти күрөшүшү керек деп эсептейт.

«Эмки президент ушуну улайт, анткени азыр коомчулук дагы, эл аралык уюмдар дагы Кыргызстанда мафия бар экенин билет», — деп белгиледи ал.

Матраимовдордун кланы

Суваналиев буга чейин да бир нече жолу Матраимовдордун кланы менен мафиясы тууралуу айтып чыккан.

2019-жылдын ноябрь жана декабрь айларында OCCRP, «Азаттык» жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөө чыгарган.

Анда журналисттер Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орто Азия жана Орусияга өтүүчү көмүскө жүк ташуу империясын негиздеген кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен мамилеси тууралуу айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — ноябрь айында киши колдуу болгон Айеркен Саймаити Абдукадырга таандык бизнестин 700 миллион долларын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алган. Ошондой эле ал көмүскө бизнестин жүрүп турушуна көмөк кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын айткан.

УКМК 17-октябрда бажыдагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирген. Арадан үч күн өткөн соң УКМК Матраимов коррупцияга шектелип кармалганын маалымдаган.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду тергөө менен кызматташууга жана мамлекетке келтирген зыяны үчүн 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгондугу үчүн үй камагына коё берген.

Октябрь окуялары

5-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган.

Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң тарапташтарынын кысымы менен алтынчы чакырылыштын депутаттары аны бул кызматка бекитишкен.

Кийин Жапаров коркутуп-үркүтүүнүн арты менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирип, анын ордун ээлеп алган.

14-ноябрда Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

ТЕМА БОЮНЧА: