Суваналиев: Садыр Жапаров «зектер» менен жакшы мамиледе

Суваналиев

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу АКИpress агенттигине маек курду.

Анын пикиринде, 6-октябрга караган түнү абактан чыккандар майзамдагы уурудан көз каранды болуп, криминалдын «кол баласына» айлангандар. Ошондой эле ал өкмөт башчы Садыр Жапаровдун «уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар» деп эсептейт. Мындан тышкары, Суваналиев өлкөнү мафия башкарып жатканын белгиледи.

«Түрмөдөн качып чыккандар мыйзамдагы ууру көзөмөлдөгөн жерде болуп келгендер»

Аянтта көптөгөн уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү чогулганын барыбыз түшүнүп турабыз. Көпчүлүк саясий ишмерлер уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан коркутууга кабылды, УКТ бийликке багыт алды. Мен бул тууралуу мурда дагы, Коопсуздук кеңешиндеги тажрыйбама да таянып, анализдеп айткам. Шайлоого жарым жыл калганда президентке дагы эскерткем. Азыркы абал — криминал бардык саясатчылардын төбөсүнө чыкты. Алар уруп-сабап кетет, фирмаларыбызга кол салат, үйүбүздү өрттөйт, салык салат жана башка деп коркуп отурушат.


Тилекке каршы, азыр баары эле сүргүндү көрүп чыккандар. Булар, тергөө изолятору, колония эмне экенин көрүштү. Баары тең уюшкан кылмыштуулук менен бет келишти. Анткени алардын байырлаган жери ошол. Бешинен алтысына караган түнү абактан бошонуп чыккандардын бардыгы мыйзамдагы ууру көзөмөлдөгөн жерде болуп келгендер.


Криминал эч качан саясатчыларды көз жаздымда калтырбайт. Ошондуктан аларга үстөмдүк кылуу дагы оңой. Баары тең криминалдын «кол баласына» айланат. Алардын жетегинде болот. Психологиялык жактан дагы криминалдан көз каранды.

Суваналиев мыйзамдагы ууру деп кримтөбөл, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев тууралуу сөз кылган болушу ыктымал. Анын каймана аты «Коля кыргыз». Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Көлбаев 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, өкмөттүн өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган. Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди үч жылга соттоп, ал жазасын №47 абакта өтөп, 2014-жылы эркиндикке чыккан. 2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген.

«Өлкөнү мафия башкарып жатат»


Темир тор артында аларга түшүнүктөр менен жашоону сиңирип коюшат. Эч качан байланышын дагы үзө албайт. Азыркы башамаландыктын келип чыгуу себеби дагы ушул — баарын криминал башкарып жатат. Ошондуктан, саясий топтор мындай-тигиндей деген сөз болсо, эч кимиси уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндө ооз ача албайт. Коррупция тууралуу айтышат, Райым-миллиондун аты аталат. Ал эми мыйзамдагы ууру, же Дөө-Чыңгыз сыяктууларды айтуудан коркушат. Анткени түрмөдө жатып, бир телефон чалуу менен жанын сууруп аларын билишет.


Азыр Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, дагы башкалар бул тууралуу айтып чыгышты. Анткени мамлекет аларды коргобой жатат. Мамлекет же бизнести, же өзүнүн жарандарын коргобойт. Кылмыш дүйнөсү бийликке келип отурукташып алды. Уюшкан кылмыштуулук менен мамлекеттик коррупционер-чиновниктер камыр-жумур болуп аралашканда мафия деп аталат. Ушул мафия, бүгүн, түз маанисинде, өлкөнү башкарып жатат.

«Жапаров абакта көп жыл отурду, демек зектер менен жакшы мамиледе»

Өкмөт башчы Садыр Жапаров

Садыр Жапаров колониядан келди. Ал абакта көп жыл отурду. Баардык «зектердей» эле жашап келген. Демек, алар менен жакшы мамиледе. Эмнеге ал өз сөзүндө, Кумтөр жана Раим-миллион тууралуу сүйлөп жатат? Ал эми, кылмыш топтору жөнүндө эч нерсе айтпайт? Отуруп чыккан адамдар «түшүнүк» боюнча жашашат. Ошондуктан, аларды реабилитация кылуу зарыл. Эгерде, алар кызматка аттанган болсо, анда аларга реабилитация керек.


Башынан баштап, азыркы күнгө чейин ал легитимсиз. Эмнеге? Бир гана себеп боюнча — алар мыйзамдарды билишпейт. Азыр Садыр Жапаров легитимсиз экени баардыгына белгилүү. Суваналиев авто унаа менен коргоочуларын алып таштады деп айтып жүрдү. Биз аны легитимдүү экен деп ойлоп, авто унаа бергенбиз. Ал эми, парламенттин төрагасынан кагаз келбегиндиктен, албетте биз аны алып койдук, себеби анда кыянатчылык болуп кетмек. Мен алган жокмун, УКМКнын жетекчилери алып коюшту. Мен күч органдарын жөнгө салып тургам жана баардыгы мыйзам чегинде болушун талап кылып келгем. Менин эч кандай өз ара мамилем жок. Жөн гана мыйзамдын бийлиги орношу керек.

Азыркы күнгө чейин, башка мамлекеттер аны таанып-биле элек. Эч ким таанып-билгиси жок. Аны жакынкы, коңшу мамлекеттер жана стратегиялык өнөктөштөр таанып-билгиси келбесе, мамлекет ишин кантип алып барат? Алардын баардыгы коомдун криминалдашып кеткенине күмөн саноодо. Премьер-министрди аянттан шайлоого болбойт деген ойдо.

«Феликс Кулов мыйзам бузган эмес»

Классикалык үлгү катары Куловду алсак болот. Ал мыйзам бузган эмес. 2005-жылы «келиңиз, сизди премьер-министрликке шайлайлы» дегенде Кулов макул болгон эмес. Мен алгач тартипти жөнгө салышым керек деген. Бул революция учурунда дагы мыйзамдуулук сакталышы керек дегенди түшүндүрөт. Кулов ачык сотто акталып чыгам деген. 5 айдан кийин гана премьер-министр болуп келген. Көрдүңөрбү? Баары ушундай кылышы керек.


Бүгүн абактан чыга калып эле жогорку кызматка отуруп алышса өлкөнү жоготуп алабыз. Казына бош, акча жок, инвестиция келбейт.


Андан сырткары, кызматын таштай качкандарды кылмыш жообуна тартуу керек. 5-октябрдан баштап ордуларын таштай качып, эки-үч күндөн кийин кайра келип, эч нерсе болбогонсуп кызматын аткарып калышты. Бул эмнеден кабар берет? Биз саясаттын таптакыр башка нугуна түшүп калдык. Бардык саясий күчтөр криминалдын көзүн карап калышты.